2026-04-15


Семинар


Экономика бөлүмүнүн доценти Разия Абдиева тарабынан 2026-жылдын 7-апрелинде ESG (экология, социалдык чөйрө жана башкаруу) принциптери жана туруктуу микрофинансы маселелерине арналган семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы микрофинансы секторунун ESG көрсөткүчтөрү талданып, алардын орточо деңгээли 70,73% түзөрү аныкталды. Бул көрсөткүч сектордун туруктуулук жагынан орто-жогорку деңгээлде экенин айгинелейт. Изилдөөнүн жыйынтыгында социалдык жана башкаруу багыттарында олуттуу жетишкендиктер бар экени белгиленип, ошол эле учурда экологиялык компонентти мындан ары өнүктүрүү зарылдыгы баса белгиленди.

Семинардын жыйынтыгында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, жашыл каржылоо механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле аялдар менен жаштардын ишкердигин колдоого багытталган сунуштар берилди.