2026-04-10

2026-жылдын 7-апрелинде ESG жана туруктуу микрофинанс боюнча семинар өттү


Кыргыз-Түрк Манас университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин Экономика бөлүмүнүн доценти Разия Абдиева 07.04.2026 датасында ESG жана туруктуу микрофинанс боюнча семинар өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандагы микрофинанс секторунун ESG көрсөткүчтөрү талданып, орточо деңгээл 70,73% түзөрү аныкталды. Бул сектордун туруктуулук боюнча орточо жогорку деңгээлде экенин көрсөтөт. Изилдөөчүлөр социалдык жана башкаруу багыттарында жетишкендиктер бар экенин белгилеп, экологиялык компонентти өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти. Семинардын жыйынтыгында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, жашыл каржылоо механизмдерин өнүктүрүү жана аялдар менен жаштар ишкердигин колдоо боюнча сунуштар берилди.