2026-04-23
|
Өткөрүлүүчү жери: |
КТУ Манас университети, Инженердик факультети, 412-чогулуш салону |
||
|
Күнү жана убактысы: |
02.04.2026, саат 10.00 – 17.00 |
||
|
Иш-чаранын түрү: Уюштуруучу бөлүм: |
Илимий иш-чара (илимий чогулуш) Тамак-аш инженерлиги бөлүмү |
||
|
Иш-чаранын төрагасы: |
х.и.к., ага окутуучу Усубалиева Айгүл |
||
|
Иш-чаранын жардамчысы: |
PhD, доцент Өзбекова Жылдызай |
||
|
Убактысы: |
Программасы |
|
|
|
10.00-10.15 |
Тренингге катышуучуларды каттоо |
|
|
|
10.15-10.35 |
х.и.к., Усубалиева Айгүл - ачылыш сөз. Коноктор менен тааныштыруу |
|
|
|
10.35-10.45 |
Тамак-аш инженерлиги бөлүм башчынын ачылыш сөзү. доц. т.и.к, Дейдиев Анарсейит |
|
|
|
10.45-12.15 |
Доклад 1. Кургатылган жемиштерди баштапкы өндүрүү Видео презентация. Окутуу көнүгүүлөрү Жыйынтыктоо жана суроо-жооп |
|
|
|
12.15-13.00 |
Түшкү тамактануу |
|
|
|
13.00-14.00 |
Доклад 2. Кургатылган жемиштерди экинчилик өндүрүү (товардык кайра иштетүү) Видео презентация. Окутуу көнүгүүлөрү Жыйынтыктоо жана суроо-жооп |
|
|
|
14.00-15.00 |
Доклад 3. Кургатылган жемиштерди өндүрүүдө продукциянын сапатын башкаруу. Видео презентация. Окутуу көнүгүүлөрү Жыйынтыктоо жана суроо-жооп |
|
|
|
15.00-15.20 |
Кофе-брейк |
|
|
|
15.20-16.20 |
Доклад 4. Кургатылган жемиштерди өндүрүүдө тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу. Видео презентация. Окутуу көнүгүүлөрү Жыйынтыктоо жана суроо-жооп |
|
|
|
16.20-16.40 |
Анкета жүргүзүү, талкуулоо, сунуштар |
|
|
|
16.40-17.00 |
Сертификат тапшыруу. Сүрөткө түшүү. Жыйынтыктоо. |
|
|
2026-жылдын 2-апрелинде Тамак-аш инженерлиги бөлүмүндө 4 негизги сессиядан түзүлгөн «Кургатылган жемиштерди экспортко өндүрүү жана кайра иштетүү» темасында окутуу-тренинги х.и.к., ага окутуучусу Айгүл Усубалиева жана PhD, доценти Жылдызай Өзбекованын жетекчиликтеринин астында уюштурулуп өткөрүлдү. Бул окуутуу-тренинги Эл аралык соода борбору (International trade center) тарабынан каржыланган долбоордун негизинде И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тамак-аш тармагындагы адистери т.и.д., доцент Элеманова Р.Ш. жана PhD, ага окутуучу Конкубаева Н.У. тарабынан окутулду. Окутуу-тренигде бөлүмдүн профессордук-окутуучулар курамы жана 4-курстун студенттери катышып, жыйынтыгында адистик тармак боюнча сертификаттарга ээ болушту. Ошондой эле долбоордун адиси Асель Туйбекова долбоор жана тренинг тууралуу жалпы маалымат берди. Иш-чараны бөлүмдүн башчысы т.и.к., доцент Анарсейит Дейдиев ачылыш сөзү менен баштап, келген конокторго ыраазычылыгын айтты. Аталган иш-чара окуу-тренингге чакырылган конокторго сертификат тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү аземи менен жыйынтыкталды.
