2026-03-13


Өнөр жай инженериясы бөлүмүнөн "Matkasym" ишканасына техникалык сапар


Өнөр жай инженериясы бөлүмү, студенттердин тармактык маалымдуулугун жогорулатуу жана университет-өнөр жай кызматташтыгын чыңдоо максатында маанилүү техникалык сапар уюштурду. 2026-жылдын 27-февралында, жума күнү, бөлүмдүн окутуучулары жана бардык курстардын студенттеринин катышуусунда Кыргызстандын алдыңкы ишканаларынын бири болгон "Matkasym" фирмасына зыярат жасалды.

Саат 09:30'да башталган иш-чарада студенттер өндүрүш процесстерин жеринде көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Заводдун кызматкерлери тарабынан чийки затты кабыл алуудан таңгактоого чейинки өндүрүш линиялары кеңири тааныштырылды. Техникалык сапар учурунда студенттер сабакта үйрөнгөн теориялык билимдеринин реалдуу жашоодогу колдонулушун изилдеп, кызыккан суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Сапардан кийин өткөрүлгөн жыйында бөлүм менен ишкана ортосундагы мүмкүн болгон кызматташуулар талкууланды. Студенттер үчүн стажировка мүмкүнчүлүктөрү, бүтүрүү долбоорлору жана биргелешкен иштер боюнча жемиштүү сүйлөшүү болду. Иш-чара студенттердин кесиптик көз карашына салым кошкон жана өнөр жай менен академиянын ортосундагы байланышты бекемдеген маанилүү кадам катары аяктады.