2026-04-27


Мамлекеттик сектордогу санариптик трансформациянын экономикалык салымын баалоо боюнча семинар


2026-жылдын 24-апрелинде жума күнү саат 14:30да бөлүмüбүздүн окутуучусу Айбек Аданбаев тарабынан факультетибиздин МФФБ-128 номурлуу семинар залында "Мамлекеттик сектордогу санариптик трансформациянын экономикалык салымын баалоо" аттуу семинар болуп өттü.

Семинарда санариптик трансформацияны жөн гана "заманбапташтырууга" багытталган процесс катары кароого болбой тургандыгы; чыныгы ийгилик бул трансформация алып келген оперативдүү натыйжалуулук жана конкреттүү экономикалык салым менен өлчөнөөрү баса белгиленди. Айбек Аданбаев "санариптик трансформация жакшы" деген ураан менен гана чектелбестен, долбоорлордун ар бир этабында "бул трансформациянын таза экономикалык пайдасы эмнеде?" деген суроого жооп берилиши керектигин билдирди.

Тема радио жыштыктарды каттоо жана башкаруу ишин жүргүзгөн мамлекеттик мекеменин мисалында деталдуу талданды. Бул мекемедеги кол менен каттоо процесстерин санариптештирүү жөн гана технологиялык жаңылануу эмес, иш убактысын кыскартуу, маалымат каталарынын алдын алуу жана ресурстарды оптималдаштыруу аркылуу оперативдүү чыгымдарды түздөн-түз азайткандыгы талданды. Бул конкреттүү мисал аркылуу туура түзүлгөн санариптик инфраструктуранын мамлекеттик бюджетке алып келген реалдуу жана өлчөнө турган үнөмдөөлөрү каралды.

Студенттерибиздин жана окутуучуларыбыздын чоң кызыгуусу менен өткөн семинар презентациядан кийинки суроо-жооп бөлүмү менен аяктады. Катышкан бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз.