2026-03-10
2026-жылдын 6-мартында факультетибиз тарабынан "8-март Эл аралык аялдар күнү" алкагында атайын концерттик программа уюштурулду.
Касым Тыныстанов атындагы конференция залында өткөн концертте Кыргыз Республикасынын Эл артисти Рысбек Жумакуновдун жетекчилиги астында Түрк дүйнөсүнүн оркестри катышты. Оркестрдин солисттери жана Көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн төртүнчү курсунун студенттери кыргыз жана түрк композиторлорунун чыгармаларын аткарышты.
Концерттен кийин Кыргызстан-Түркия Манас университетинин ректору, профессор, доктор Алпаслан Жейлан түрк маданиятындагы аялдардын маанилүү ордун баса белгилеп, аялдар күн менен жарыкты чагылдырарын айтты. Профессор, доктор Алпаслан Жейлан түрк эли аялдарды эң жогору баалаган элдердин бири экенин белгилеп, аялдар бир күндө эмес, ар дайым жогору бааланаарын кошумчалады. Аялдардын түрк тарыхындагы маанилүү ролдорун эскерип, профессор, доктор Алпаслан Жейлан мунун эң маанилүү мисалдарынын бири Курманжан Датка экенин айтты. Ошондой эле, ректорубуз Көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган бул маңыздуу иш-чарага салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, Түрк дүйнөсү оркестринин жана студенттердин өнөрүнө ыраазычылыгын билдирип, университетте иштеген бардык аял кызматкерлерди 8-март - Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады. Программа Манас университетинин жетекчилигинин университетте иштеген аял кызматкерлерге гүл тапшыруу менен аяктады.

