2026-05-20

Университеттер аралык кызматташтыкта «Манас Поэзия кечеси» өткөрүлдү


 

Гуманитардык жана көркөм өнөр факультети менен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин кызматташтыгында уюштурулган «Манас Поэзия кечеси» аттуу маданий иш-чара 2026-жылдын 15-майында «Оба» чай багында жогорку деңгээлде жана көпчүлүктүн катышуусунда өткөрүлдү.

Сахна өнөрү бөлүмүнүн окутуучусу Таалайгүл Ташманбетова тарабынан уюштурулган иш-чарада түрк жана кыргыз тилдериндеги поэзия окуулары, ырлар, вальс бийи жана ар түрдүү сахналык көрсөтүүлөр көрүүчүлөр тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды. Программанын алкагында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин алдында иш алып барган, жетекчиси Нурпейил Самарбекова болгон «Алтын-Нур» ансамбли аспаптык аткаруулары менен иш-чарага көркөм салым кошту.

Иш-чаранын соңунда университетибиздин ректору, профессор доктор Алпаслан Жейлан тарабынан Нурпейил Самарбековага, «Алтын-Нур» ансамблине жана иш-чаранын уюштурулушуна салым кошкон окутуучу Таалайгүл Ташманбетовага ыраазычылык сертификаттары тапшырылды. Ректор Алпаслан Жейлан эки университеттин ортосундагы маданий жана көркөм кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай биргелешкен иш-чаралардын мындан ары да улантылышы зарыл экенин айтты.

Программанын алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу тарабынан окутуучу Таалайгүл Ташманбетовага медаль тапшырылды.

Иш-чара эки университеттин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү көркөм жолугушуу катары бааланды.