2026-09-07

Окутуучу Клара Койчукулова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Баш байгеге ээ болду


VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн «Бий Ыргак» этно-архаикалык бийлер сынагында Баш байге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүнүн окутуучусу Клара Койчукулованын сахнага койгон «Тилек-Мазар» аттуу чыгармасына ыйгарылды.

Кыргыз элинин байыркы баалуулуктарынан шыктанган «Тилек-Мазар» чыгармасы жаратылыш, адам жана рух дүйнөсүнүн ортосундагы байланышты таасирдүү сахналык тил аркылуу көрүүчүлөргө тартуулады. Чыгармада аалам кезген бакшынын кылымдардан бери сакталып келген ыйык Мазар-Даракты кайра жандандыруу аракети баяндалып, салттуу ишенимдер жана маданий символдор көркөм чечмелөө менен сахнага чыгарылды.

Чыгарманын идеясынын автору жана башкы хореографы Клара Койчукулова өзгөчө чыгармачылык мамилеси жана этно-архаикалык бий элементтерин чебер айкалыштырган эмгеги менен сынактын эң абройлуу сыйлыгына татыды.

Окутуучу Клара Койчукулованын бул маанилүү жетишкендиги университетибиздин искусство жана маданият жаатындагы эл аралык аброюн жогорулатууга салым кошуп, салттуу маданий мурастын заманбап искусство менен айкалышуусунун ийгиликтүү үлгүсү болуп калды.