2026-03-10
Кыргызстан–Түркия Манас университетинин Көркөм өнөр факультети тарабынан 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү алкагында уюштурулган «Аял сүрөтчүлөрдүн биргелешкен көргөзмөсү» Курманжан Датка атындагы көркөм сүрөт галереясында салтанаттуу түрдө ачылды.
Көргөзмө Көркөм өнөр факультетинин Живопись бөлүмүнүн колдоосу менен өткөрүлүп, аялдардын коомдогу ордун, эмгегин жана чыгармачылык потенциалын искусство аркылуу чагылдырууну максат кылды.
Көргөзмөдө ар түрдүү техникалар менен даярдалган чыгармалар сунушталып, анда аял образы жана гүл темалары өзгөчө басымдуулук кылды. Мындан тышкары, сүрөтчүлөр табият, жашоо, эмгек жана эркиндик сыяктуу темаларды көркөм чечмелөө менен чагылдырган.
Көргөзмөнүн ачылышында сүйлөгөн Көркөм өнөр факультетинин деканы проф. др. Мехмет Өзкаржы аялдардын коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, бул көргөзмө университеттин бардык аял кызматкерлерине арналганын билдирди.
Кыргызстан–Түркия Манас университетинин ректору проф. др. Алпаслан Жейлан өз сөзүндө түрк маданиятында аялдын орду абдан маанилүү экенин баса белгилеп, аялдар коомдун жарык жүзүн чагылдырганын айтты.
Иш-чара көргөзмөгө катышкан аял сүрөтчүлөргө ыраазычылык баракчаларын тапшыруу менен жыйынтыкталды.



