2025-04-30


Доктор Тахсин Хазырбуландын семинарлары


Киршехир Ахи Эвран университетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, доктор Тахсин Хазырбулан 2025-жылдын 21-25-апрель күндөрү Erasmus +  программасынын алкагында тарых бөлүмүнө келди. 2025-жылдын 22-апрелинде студенттерге “Ахилик жана кесиптик этика” деген темада семинар өткөрдү. Негизинен соодагерлер арасында кеңири жайылган Ахилик уюмунун өзгөчөлүктөрүнө токтолгон доктор Тахсин Хазырбулан Ахилик мекемесинин тарыхта абдан маанилүү болгонун баса белгиледи.

Доктор Тахсин Хазырбулан ошондой эле  2025-жылдын 25-апрелинде Осмон тарыхы боюнча «Стамбулдун каратылышы» аттуу семинар берди. Бул семинарда Анадолудагы бейликтер, Осмон дөөлөтүнүн түзүлүшү жана жогорулашы, Фатих Султан Мехметтин ролу, Стамбулдун каратылышы кандай болгондугу жана колдонулган ыкмалар темаларына токтолду. Доктор Тахсин Хазырбуландын семинарлары студенттердин чоң кызыгуусун жаратты.