2026-05-12

Гуманитардык факультеттин китептеринин бет ачары күнү


2026-жылдын 30-апрелинде Гуманитардык факультет тарабынан уюштурулган жана салтка айланууга пландаштырылган "Гуманитардык факультеттин китеп бет ачар күнү" кеңири катышуу менен өттү. Академиялык билимдер материалдык эмгектерге айландырылган иш-чарада университеттин ичинде жаралган жана түрк дүйнөсүнө багытталган илимий изилдөөлөр көрсөтүлдү.

Факультеттин фойесинде өткөрүлгөн көргөзмөдө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары тарабынан жазылган жана университеттин Басма кеңсеси аркылуу басылып чыккан китептер жана академиялык журналдар окурмандарга тартууланды. Иш-чаранын алкагында Түркстандын көрүнүктүү интеллигенциясынын өкүлү Мустафа Чокайдын француз макалаларын "Советтер Союзунун түрк дүйнөсүнө карата саясаты" деген аталыш менен түрк тилине которгон профессор доктор Абдулвахап Каранын эмгеги чоң көңүл бурууга ээ болду. Программага КТМУнун ректору профессор доктор Алпаслан Жейлан, Казакстан элчилигинин миссия башчысынын орун басары Гүлмира Турсунали, ТҮРКСОЙдун башкы катчысынын орун басары Саит Юсуф, авторлор, окумуштуулар жана студенттер катышты.

Гуманитардык факультеттин деканы, профессор, доктор Алпаслан Ашык 2025-жылдан бери факультетте 14 академиялык изилдөө китеби жана китеп бөлүмдөрү жарык көргөнүн билдирди. Кыргыз, англис жана түрк тилдеринде басылып чыккан бул эмгектер факультеттин эл аралык академиялык жетишкендиктерин чагылдыраарын баса белгилеп, профессор, доктор А. Ашык китептер маалыматты жеткирүүчү курал гана эмес, маданияттардын ортосунда көпүрө куруучу күчтүү мурас экенин билдирди.