2026-05-11


Эл аралык студенттик театр фестивалында ийгилик


2026-жылдын 15–18-апрель күндөрү өткөрүлгөн XI Эл аралык «Жаңы ысымдар» студенттик театр фестивалы Кыргызстандын маанилүү маданий жаштар иш-чараларынын бири катары уюштурулду. Фестиваль белгилүү кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналды.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги алдында, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстандын театр ишмерлер союзу менен биргеликте өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстан менен катар Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Азербайжандан келген студенттер катышты.

Фестивалдын алкагында драматургия (театр жазмачылыгы) багыты боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишилди. Эльнура Шабырбекова «Пигмалион» аттуу чыгармасы менен экинчи орунду ээледи, ал эми Мырзайым Термеевa «Айна» аттуу чыгармасы менен «Эң мыкты театр чыгармасы» наамына татыктуу болду.

Фестивалдын жабылыш аземинде катышуучуларга сертификаттар жана ар түрдүү сыйлыктар тапшырылды.