2025-11-03
31-октябрда Филология бөлүмүнүн, Англис тили жана адабияты программасынын студенттери Хэллоуин майрамына арналган темалык сабак өткөрүштү.
Сабактын жүрүшүндө студенттер бул популярдуу англис майрамынын атмосферасына чөмүлүп, ашкабактарды оюп, маскаларды жасап, жана англис тилинде ар түрдүү оюндар менен викториналарды уюштурушту.
Сабак жандуу жана кызыктуу өттү. Студенттер чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүп, Хэллоуиндин салттарын жана символдорун талкуулашты.
Мындай иш-чаралар студенттерге тилин үйрөнүп жаткан өлкөнүн маданиятын тереңирээк таанып-билүүгө жана окуу процессин кызыктуу жана эстен кеткис кылууга жардам берет.
“Spooky English” көрсөткөндөй тилди үйрөнүү китептер менен гана чектелбестен, маданият жана чыгармачылык аркылуу да мүмкүн!
