2025-12-19


«ПЕЯМИ САФАНЫН YALNIZIZ РОМАНЫНДАГЫ “КӨЗ” ЖАНА “БЕТ” ЛЕКСЕМАЛАРЫНА БАЙЛАНЫШТУУ СӨЗ БАЙЛЫГЫНЫН ЭЛЕМЕНТТЕРИ»


Ошол эле иш-чаранын алкагында Котормо жана котормочулук бөлүмүнүн окутуучусу Мухиттин Гүмүш «Пеями Сафанын Yalnızız романындагы “көз” жана “бет” лексемаларына байланыштуу сөз байлыгынын элементтери» аталышындагы семинар өткөрдү. Түрк адабияты жаатындагы илимий изилдөөлөрдө конкреттүү романды «психологиялык роман» деп сыпаттоо үчүн жалпы кабыл алынган так илимий өлчөмдөр жок экени белгиленди. Изилдөөнүн жыйынтыгында адамдардын сезим-туюмдары менен ой-толгоолорун сыртка чагылдырган эки орган: «көз» жана «бет» сөздөрү аркылуу түзүлгөн сөз байлыгынын элементтери аныкталып, романда көзгө байланыштуу – 204, бетке байланыштуу – 91 тилдик бирдиктин (зат атооч, сын атооч, этиш, кош сөз, фразеологизм ж.б.) бар экени белгилүү болду. Мындан тышкары, 20 сезимдик маанинин (арзуу, кайрат кылуу, толкундануу, кайдыгерлик, ишеним, көңүл калуу, суктануу, таң калуу, көрө албастык, коркуу, жек көрүү/жактырбоо, ачуулануу, сагынуу, жеңилдеп калуу, сүйүү/жактыруу, кубаныч, кыжалаттык, үмүт, уялуу, кайгыруу) ар бирине дал келген сөз байлыгы романдан алынган мисалдар менен түшүндүрүлдү.