2026-02-02
2026-жылдын 28-январында б. и. к. Мыскалай Ганыбаеванын жетекчилиги астында «Сон-Көлдүн флорасына тиешелүү жаралган чакырыктар жана коркунучтар» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө Сон-Көл аймагындагы флоранын учурдагы абалына илимий талдоо жүргүзүлүп, экосистемага тийгизилип жаткан антропогендик таасирлер, климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери кеңири каралды. Иш-чара илимий маалымат алмашууга, экологиялык көйгөйлөрдү талдоого жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу багытында сунуштарды иштеп чыгууга багытталды.
