2026-02-12
«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруунун алкагында 2026-жылдын 11-февралында бөлүмдүн академиялык кызматкери, б. и. к. Өмүрзакова Нуржамалдын демилгеси жана 3-курстун студенттеринин уюштуруусу менен «Кыргыз элинин улуу манасчылары» аттуу илимий семинар өткөрүлдү.
Семинардын максаты – кыргыз элинин руханий мурасы болгон «Манас» эпосунун тарыхый-маданий маанисин тереңдетип изилдөө, улуу манасчылардын чыгармачылык мурастарын даңазалоо жана жаш муундун улуттук аң-сезимин калыптандыруу болду.
Иш-чарага чакырылган коноктор – манасчылар Калыбек уулу Нурбек, Курсанбеков Байсал жана Барктабас Бексултан катышып, эпостон үзүндүлөрдү аткарышып, чыгармачылык тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Студенттер тарабынан даярдалган баяндамаларда белгилүү манасчылардын өмүр жолу жана чыгармачылык өзгөчөлүктөрү илимий негизде талдоого алынды.
Семинардын жыйынтыгында активдүү катышуучуларга жана чакырылган конокторго ыраазычылык билдирилип, белектер ыйгарылды. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана студенттердин илимий-руханий потенциалын арттырууга өбөлгө түздү.


.jpg)
