2026-02-16


“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”


Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында университетибиздин, табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн 3-курсу жана данышманы б.и.к. Нуржамал Омурзакова тарабынан 11-февраль саат 13.30 “Кыргыз элинин улуу Манасчылары” аттуу  иш чара өткөрүлдү. Иш чарага улуу манасчы Саякбай Каралаевтин урпагы Калыбек уулу Нурбек жана Бексултан Барктабас тегин аттуу манасчылар чакырылды. Кыргыз элинин улуу манасчылары тууралуу докладдар жасалып, Манас  айтылып, “Каныкейдин ыйы” аттуу монологу окулуп, комуз күүлөрү менен коштолду. Студенттер үчүн таасирдүү жана маңыздуу иш чара өткөрүлгөндүгү белгиленип, уюштуруу тобуна ыраазычылыктар билдирилди.