Колдонмо математика жана информатика бөлүмү

Колдонмо математика жана информатика бөлүмү 2007- жылы ачылып, 2007-2008

окуу жылында алгачкы студенттерди кабыл алган.

Университетибиздин Колдонмо математика жана информатика бөлүмү келечектеги технология багытындагы адамдарды тарбиялоого умтулат. Математика менен информатиканы айкалыштырып студенттерге теориялык жана практикалык көндүмдөрдү берүүгө багытталган.

Колдонмо математика жана информатика бөлүмү математикалык моделдөө, маалыматтарды талдоо, алгоритмдерди иштеп чыгуу жана компьютердик программалоо сыяктуу негизги тармактарды камтыган кеңири окуу программасын сунуштайт. Берилген билимдин негизинде студенттер ар кандай чөйрөдөгү реалдуу көйгөйлөрдү чечүү жолдорун таба алышат. Долбоорлор, практикалык лаборатордук курстар сыяктуу окуу мүмкүнчүлүктөрү студенттерге теориялык билимдерин иш жүзүндө сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Биздин бөлүмдүн окутуучулук курамы өз тармагында тажрыйбалуу жана адистештирилген окутуучулардан турат. Алардын жетекчилиги астында студенттер кызыккан долбоорлорду иштеп чыгууга жана изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Колдонмо математика жана информатика бөлүмү бүтүрүүчүлөрүн жогорку  аналитикалык ой жүгүртүүгө жөндөмдүү, технологияны натыйжалуу колдоно алган жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдүүлүгү күчтүү адам катары даярдайт. Бүтүрүүчүлөрүбүз өнөр жай тармагында да, академиялык чөйрөдө да ийгиликтүү карьера жасоого мүмкүнчүлүк алышат.

Эгер сиз математика менен информатиканы айкалыштырып, келечектеги технологияларга багыт алгыңыз келсе, анда Колдонмо математика менен информатика бөлүмүн тандоо туура кадам болот.

 

Проф.док.
ЭРЖАН ЧЕЛИК

Бөлүм башчысы

 

Математика - ааламдын тили. Колдонмо математика болсо теориялык математиканы чыныгы жашоодогу көйгөйлөргө колдонуу менен өнөр жайдагы жана академиялык чөйрөдөгү маселелерге чечимдерди табууга багытталган.

Математиканын күчүн жана анын практикалык колдонулушун түшүнүү ар кандай татаал маселелерди чечүү үчүн өтө маанилүү. Биздин бөлүмдө биз математиканы чыныгы жашоодогу колдонулуштар менен айкалыштырып, студенттерибизге аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк беребиз.

            Колдонмо математика жана информатика бөлүмүндө окуу программалоо тилдерин өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Программалык камсыздоо инженериясы, компьютердик тармактар жана интернет, маалымат базалары сыяктуу тармактарда көндүмдөрдү өздөштүрүп, ар кандай системаларды иштеп чыгууда колдоно алышат.