2026-02-19


Кыргыз маданиятын таанытуу максатында “Уркуя” тасмасы көрсөтүлүп, талкууланды


Кыргыз Республикасынын маданиятын жана тарыхый мурастарын студенттерге тереңирээк таанытуу максатында математика бөлүмүнүн студенттери жана окутуучулары тарабынан «Уркуя тасмасын көрүү жана талкуулоо» аттуу маданий-агартуу иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында кыргыз киносунун маанилүү чыгармаларынын бири болгон Уркуя көргөзүлдү. Тасма көрсөтүлгөндөн кийин мазмундуу талкуу өткөрүлүп, анда чыгарманын тарыхый негизи, коомдук-саясий шарттагы орду жана кыргыз элинин маданий баалуулуктарын чагылдыруу өзгөчөлүктөрү кеңири талданды.

Катышуучулар тасмада берилген аял каармандыгынын образын, ошол мезгилдеги коомдук түзүлүштү жана улуттук аң-сезимдин калыптанышын талкуулап, өз пикирлерин ортого салышты.

Бул иш-чара студенттердин академиялык билимдери менен катар маданий жана тарыхый аң-сезимин өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырууга багытталды. Окутуучулар мындай маданий-агартуу иш-чаралары студенттердин дүйнөтаанымын кеңейтүүгө, тарыхый мурастарды таанып-билүүгө жана тарбиялык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.