Одко КМШдагы эң мыкты 100 студенттин катарын толуктады


  • 2022-06-23

2022-жылдын 23-июнунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин студенттик координаторлугунун Эл аралык билим берүү борбору 2021-2022-окуу жылындагы КМШнын “Эң мыкты 100 студентин” аныктады.

Казакстандын Президенти Касым Жоомарт Токаевдин колдоосу менен уюштурулган иш-чарада Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Раиса Одко Йерланбек алдыңкы 100 студенттин катарын толуктады.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Болгария, Индия, Украина, Россия, Молдова сыяктуу 16 өлкөдөн 1200гө жакын студент катышкан сынакта жеңүүчүлөрдү студенттик жашоосундагы жетишкендиктери, алган сыйлыктары жана катышкан иш-чаралары боюнча аныкташты.

Сыйлыктар Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында тапшырылды.

Раиса Одкого сыйлыкты Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Эл аралык билим берүү борборунун студенттик координаторлугунун жетекчиси Азирет Сатылганов тапшырды.

Университеттин колдоосу менен Казакстанга барып келген Раиса Одко окуу жайга ыраазычылык билдирип, университеттин атын сыймыктуу алып жүрѳѳрүн билдирди.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4502-manasl-odko-bdtnin-en-yi-100-rencisinden-biri-olarak-seildi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү