Зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү уланууда


  • 2023-05-25

2023-жылдын 24-майында  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан тамак-аш жарманкеси болуп өттү. Жарманкенин негизги максаты үстүбүздөгү жылдын февраль айында Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында өткөн катуу жер титирөөдөн жабыркаган жаш балдарга жардам көрсөтүү болду. Жарманкеге коюлган азыктар Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары тарабынан даярдалды жана студенттер сатууга көмөк көрсөтүштү. Эске салсак, Түркиядагы зилзалада жапа чеккен жаш балдарга жардам көрсөтүү жана колдоо максатында уюштурулган азыктар жарманкесинин биринчи этабы 16-май күнү гуманитардык факультетинин доценти Незахат Жейландын демилгеси менен өткөн.

Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, тарых бөлүмүнүн доценти Незахат Жейлан, чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доган жана жогорку мектептин окутуучулары жана студенттер катышты.

Жарманкеде ректор, профессор Алпаслан Жейлан чет тилдер жогорку мектебинде окуп жаткан студенттерге: “Мен дүйнөнүн кайсы жеринде болсом дагы “Манас” университетинин студенттери менен сыймыктанам. Себеби, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуган студенттердин баары адептүү жана аракетчил. Силер бул окуу жайга өтүү үчүн аябай көп окудуңар, силер сапаттуу билим алууга татыктуусуңар. Кийинки жылы окууңарды Ч.Айтматов атындагы кампусунда улантасыңар, ал жакта да ийгиликтүү болооруңарга ишенем”, - деди. Ошондой эле, чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доганга кылган эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук иш-чаралары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жыл сайын уюштурулуп турат.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CsoAuU_RGzj/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү