Ректор Ж.Руслановду ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалышы менен куттуктады


  • 2023-05-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү Жайыл Руслановду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушууда ректор Кыргыз-Түрк “Манас” университети өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен ар дайым сыймыктанаарын айтып, алар КТМУнун жогорку деңгээлдеги жана сапаттуу даярдыгы менен иш алып барышканын тастыктап гана койбостон, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салымын кошуп жатышканын баса белгиледи.

Ошондой эле “Манас” университетинин негизги миссиясы жогорку квалификациялуу жана коомчулук алдында жоопкерчиликтүү кадрларды даярдоо менен Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу жана түрк элдеринин ортосундагы бир туугандыкты жана достукту чыңдоого, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошуу  экенин айтып, соңку үч жыл ичинде университеттин академиялык курамы жаңырып, социалдык долбоорлор көбөйүп эл аралык кызматтар жакшыра баштаганын да кошумчалады.

Өз кезегинде Жайыл Русланов университеттин ректору Алпаслан Жейланга куттуктоосу үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Ал татыктуу билим берген “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү болгонуна сыймыктанаарын жана студент кезинде “Медиа Манас” борборунан алган тажрыйбасы келечектеги кесиптик ишине чоң пайдасы тийгенин айтып өттү. Ошондой эле келечекте “Манас” университетинин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнө жумушка орношууга көмөктөшүүгө жана студенттерди Жогорку Кеңешке келип практика өтүүдө университет менен бирге кызматташуу келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Жолугушуу жыйынына басма сөз жетекчилеринин бири Алайбек Алимбаев да катышты. Ал ректорго ыраазычылык билдирип, “Манас” университети Түрк дүйнөсүнүн жаштарына эң жогорку билим берип, квалификациялуу бүтүрүүчүлөрдү даярдап келе жатканын баса белгиледи.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber Fotoğrafları: http://mediamanas.kg/lang-tr/4956-rektr-ceylan-manas-mezunu-meclis-basn-szcs-ruslanovu-ziyaret-etti.html

 
    Социалдык медиада бөлүшүү