КТМУнун ректору Алпаслан Жейлан Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов менен жолукту


  • 2023-05-25

Кыргыз - Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Осмонов менен жолукту. Жолугушууда университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан окуу жайда аткарылып жаткан иштер, алдыдагы максаттар, студенттердин жетишкендиктери жана ошондой эле жакында өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XII пленардык жыйынына барып катышкандагы иш сапары тууралуу айтып берди.

Эл өкүлдөрү Айбек Осмонов өз сөзүндө “Манас” университетине келген иш сапарында окуу жайдын жетишкендиктерин көрүп абдан ыраазы болгонун айтып, дагы бир ирет "Манас" университети Кыргызстандагы эң беделдүү окуу жайлардын бири экенин белгиледи. Ошондой эле, келечекте Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия боюнча, керек болсо дүйнө жүзүндөгү үлгүлүү окуу жай болушуна өз салымдарын кошоорун айтты. Айбек Осмонов КТМУнун ректору Алпаслан Жейланга Түрк дүйнөсүнө кылган кызматы жана жигердүү салымы үчүн ыраазычылык билдирип калпак жана кыргыз чапанын кийгизип узатты.

Ал эми университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан депутат Айбек Осмоновго мактоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, ишине ийгилик каалады. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин университетке болгон өзгөчө колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу жана биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу макулдашылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber Fotoğrafları: http://mediamanas.kg/lang-tr/4957-rektr-ceylan-milletvekili-osmonov-le-grt.html

 
    Социалдык медиада бөлүшүү