2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ЖАЗГЫ СЕМЕСТР ТИЛ ДАЯРДООДОН БОШОТУУ СЫНАГЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ


  • 2023-12-27

Сынак күнү: 05-январь 2024-жыл

Чет тилдер жогорку мектебинин Академиялык календары боюнча 2024-жылдын 9-11-январында өткөрүлө турган 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестринин Тил даярдоодон бошотуу сынагын (кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай) тапшыра турган талапкерлер үчүн арыз талаптары, сынак шарттары, убакыттары жана баалоо критерийлери төмөндө берилген.

Арыздын үлгүсү

 

СЫНАККА КАТТАЛУУ ТАЛАПТАРЫ

Сынак тапшыра турган студенттер төмөнкү талаптарга жооп бериш керек:

1. Даярдоо курсунда окуган магистранттар жана докторанттар;

2. Даярдоо курсунда окутулган тилди же тилдерди экинчи (2) жыл окуп жаткан студенттер;

3. 2023-2024-окуу жылы  Даярдоо курсунда окуп баштаган жана алгачкы эки ара сынактан орточо 80 (BB) же андан жогору балл алган студенттер жана магистранттар тиешелүү тилден бошотуу сынагын тапшыра алышат.

 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР

1. Тил даярдоодон бошотуу сынактары университетте (офлайн) өткөрүлөт.

2. Сынакка катталуу талаптарына жооп бербеген студенттер Тилден бошотуу сынагын тапшыра  алышпайт.

3. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Тилди окутуу жана сынак жүргүзүү жоболорунун 10-беренесинин “б” пунктуна ылайык, Тилден бошотуу сынагына кайсы бир себептерден улам сынакка катыша албай калган талапкерлер үчүн экинчи (мазерет) сынак өткөрүлбөйт.

4. Тилден бошотуу сынагын ийгиликтүү тапшырган студенттердин аты-жөнү Студенттер бөлүмүнө билдирилет жана алар Тил боюнча даярдоо курсун бүтүргөн деп эсептелет.

 

СЫНАККА КАТЫШУУ БОЮНЧА АРЫЗ БЕРҮҮНҮН ТАРТИБИ

Сынакка катыша турган студенттер 2024-жылдын 5-январынын саат 17.00гө чейин тиешелүү тилдин электрондук почта дарегине төмөнкүлөрдү жөнөтүүгө тийиш:

- Тилден бошотуу сынагын тапшыруу боюнча арыз;

- Студенттин маалымат системасынан (OBİS) биринчи жана экинчи ара сынактын баасын көрсөткөн скриншот (jpeg же pdf);

- Паспорттун (ID карта) сүрөтү (jpeg же pdf)

 o Түркиянын түрк тилин тапшыруу үчүн: hazirlik.turkce@manas.edu.kg

o Кыргыз тилин тапшыруу үчүн: hazirlik.kirgizca@manas.edu.kg

o Англис тилин тапшыруу үчүн: hazirlik.ingilizce@manas.edu.kg

o Орус тилин тапшыруу үчүн: hazirlik.rusca@manas.edu.kg

o Кытай тилин тапшыруу үчүн: hazirlik.china@manas.edu.kg

 

СЫНАКТЫН ДАРЕГИ

Бишкек, Чыӊгыз Айтматов 56,  КТМУ, Чет тилдер жогорку мектеби

СЫНАК УБАКТЫСЫ

Тилден бошотуу сынактарынын күндөрү жана сааттары:

Тилдер

Күнү

Сааты

1.

Түркия түркчөсү

09/01/2024

10.00

2.

Англис тили

10/01/2024

10.00

3.

Орус тили

10/01/2024

10.00

4.

Кытай тили

10/01/2024

10.00

5.

Кыргыз тили

11/01/2024

10.00

 

СЫНАКТАРДЫН БААЛОО СИСТЕМАСЫ 

Тилден бошотуу сынактарынын (кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдери) баалоо критерийлери төмөнкүдөй:

Тилдер

Окуп түшүнүү

Угуп түшүнүү

Дилбаян

Оозеки

1.

Түркия түркчөсү

25 балл

25 балл

25 балл

25 балл

2.

Англис тили

25 балл

25 балл

25 балл

25 балл

3.

Орус тили

25 балл

25 балл

25 балл

25 балл

4.

Кытай тили

25 балл

25 балл

25 балл

25 балл

5.

Кыргыз тили

25 балл

25 балл

25 балл

25 балл

Окуп түшүнүү сынагы: Эӊ аз 2 ар башка тексттен жана бул тексттер боюнча түзүлгөн суроолордон турат.

Угуп түшүнүү сынагы: Эӊ аз 2 ар башка аудио тексттен жана бул аудиолор боюнча түзүлгөн суроолордон турат.

Жазуу сынагы (дилбаян): Сынак комиссиясы тарабынан даярдалган 3 түрдүү дилбаян темалардын ичинен каалаган 1 тема боюнча C1 деңгээлине ылайыктуу дилбаян жазуу талап кылынат.

Оозеки сынак: Талапкер сынак комиссиясы тарабынан даярдалган билетти тандап алып, билетте берилген тема боюнча жооп бериши керек.

 

ЭСКЕ АЛЫНУУЧУ ЭРЕЖЕЛЕР

1. Сынак башталганга чейин сиздин документиӊиз (же паспортуңуз) көзөмөлдөөчүлөр  тарабынан текшерилет. Документтин оригиналын (же паспорттун оригиналын) көрсөтө албаган студенттер сынакка киргизилбейт.

2. Көзөмөлдөөчүлөрдүн керектүү текшерүүлөрүн жүргүзүүсү үчүн студенттер сынакка жарыяланган дарек боюнча 30 мүнөт эрте келиши керек.

3. Студенттер сынак учурунда көзөмөлдөөчүлөрдүн эскертүүлөрүн эске алып, эрежелерди сактоого милдеттүү.

4. Сынак учурунда бир гана калем (карандаш) колдонулушу керек.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү