“Манас” университетинде карапа кол өнөрчүлүгү боюнча семинар


  • 2024-03-30

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин студенттери үчүн 2024-жылдын 29-март күнү карапа кол өнөрчүлүгү боюнча семинар жана мастер-класс уюштурулду. Мастер-классты Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, чопо менен иштөө чебери Гүлназ Бекмурзаева өттү.

Ууз-чебер Бекмурзаева карапа жасоо жана чопого сүрөт тартуу боюнча кенен маалымат бөлүшүп, карапа жасоодо эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып берип, кол өнөрчүлүктүн сырлары менен бөлүштү.

Гүлназ Бекмурзаева өз сөзүндө көркөм өнөр факультетинин студенттери келечектеги таланттуу өнөр адамдары болушарын баса белгилеп, алардын билим алуусу үчүн салым кошуп жаткан КТМУнун окутуучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5NS-MitJ8y/?igsh=MWFldndwOGY1aG5idQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү