“Манас” университетинде эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция


  • 2024-03-29

Кыргыз-Түрк “Манас” университети коммуникация тармагында келечектин лидерлерин чоглутуу менен маанилүү иш-чара уюштурду. 2024-жылдын 28-март күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин кинозалында өткөрүлгөн “Коммуникация тармагындагы тренддер жана жаңы технологиялар” аттуу эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция чоң кызыгуу менен кабыл алынды.

Коммуникация жаатындагы студенттик конференцияга Кыргыз-Түрк “Манас” университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, Ош мамлекеттик университети, Алтай мамлекеттик университети, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Решетнёва атындагы Сибирь мамлекеттик илим жана технология университети, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен келген окутуучулар жана студенттер катышты.

Конференцияда “Санариптик доордо PR”, “Санариптик медиа доорунда журналистиканын өнүгүшү”, “Коммуникацияда социалдык медиа жана жасалма интеллекттин ролу” жана “Санариптик жарнамадагы тенденциялар” темаларында секциялар өткөрүлдү. Аталган сессиялар катышуучуларга келечекте коммуникация тармагындагы тренддер жана технологиялар боюнча терең талкуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Мугалимдер жана студенттер үчүн өзгөчө маанилүү болгон конференцияда өз-ара идеяларды алмашуу, изилдөөлөр менен бөлүшүү жана коммуникация дүйнөсүндөгү жаңы жетишкендиктерге бири-бирин шыктандыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк жаралды. Илимий-практикалык конференциянын алкагында дебаттар жана кейстер боюнча жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5Ns0DaNSHU/?igsh=MWg3dzMydzF5Y3VsdA==

    Социалдык медиада бөлүшүү