2024 Жасалма интеллект боюнча мастер-класс: Келечектин технологиялык лидерлерине багыт берүүдө


  • 2024-04-29

2024-жылдын 29-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратынын жыйындар залында КТМУнун инженердик факультетинин координациясы жана Түркия Республикасынын Президенттигине караштуу Санариптик трансформация кеңсесинин салымы менен уюштурулган “2024 Жасалма интеллект боюнча мастер-класс” программасы болуп өттү.

Жасалма интеллект тууралуу маалымдоо жана теориялык билим берүү менен бирге тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча тренингдерди камтыган 3 күндүк программанын биринчи күнү студенттер тарабынан чоң кызыгууга ээ болду.

Иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева, бөлүм башчысы, профессор Өзгүл Салор, “Digital Youth – Жасалма интеллект экосистемасы” долбоорунун төрагасы Рамазан Терзи, жасалма интеллект боюнча эксперттер Метехан Гүзел жана Ясин Инаг, окутуучулар жана студенттер катышты.

Программанын ачылыш сөзүн “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан: “Дүйнө азыр санарип жаштыктын доорун баштан кечирүүдө”, - деген сөздөр менен баштап,  технология доору талап кылгандай жабдылган, аң-сезимдүү жаштарды чыгаруу максатында өткөрүлгөн мастер-класстын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ректор, профессор Жейлан Кыргызстанда Теңир-Тоонун этегинде жайгашкан “Манас” университетинде өткөрүлгөн бул маанилүү мастер-класс үчүн ыраазычылык билдирип, “Алгач Түркия Республикасынын Президенти урматтуу Режеп Тайип Эрдоганга, Санариптик трансформация кеңсесине жана баарыңыздарга ыраазычылык билдирем!”-деди.

Каршылык көрсөткөндөр тарых сахнасынан өчүрүлөт

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан технологиялык доордун маанисине токтолуп, сөзүн: “Технология дооруна ар бир адам туруштук бериши керек. Буга каршы тургандар тарых сахнасынан өчүрүлөт”, - деген сөздөр менен жыйынтыктады.

Инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева иш-чараны уюштурууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирип, студенттерди үч күндүк тренингге катышууга чакырды.

Иш-чарада Түркия Республикасынын Президенттигине караштуу Санариптик трансформация кеңсесинин ишмердүүлүгү жана максаттары студенттерге жана окутуучуларга маалымат берилди. Мындан тышкары, программанын алкагында "Санариптик маалымдуулук долбоорлору" жана "Өндүрүмдүү жасалма интеллект" сыяктуу темалар да талкууланды.

Тренингдер Түркия Республикасынын Президенттигине караштуу Санариптик трансформация кеңсесинин чоң көлөмдөгү маалыматтарды топтоо жана жасалма интеллект колдонмолору бөлүмү жана КТМУнун Жасалма интеллект эксперттери тарабынан 3 күн бою уланат.

Жасалма интеллект боюнча мастер-класс  технология тез өнүгүп жаткан күнүбүздө студенттерге маанилүү мүмкүнчүлүк түзүп, келечектеги технология лидерлерин даярдоого чоң салым кошмокчу.

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C6WBJSCNJh1/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C6WD_SztEXr/

    Социалдык медиада бөлүшүү