“Манас” университетинин желеги Арарат тоосунун чокусунда


  • 2024-05-07

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү Түркиянын жана Батыш Азиянын эң бийик чокусу болгон Арарат тоосуна чыгып, КТМУнун желегин сыймыктануу менен желбиретишти Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов жетектеген топ 5137 метр бийиктиктеги бул татаал чокуга чыгуу менен ийгилик жаратышты.

Федерациянын президенти Кубатов социалдык тармактагы билдирүүсүндө “Манас” университетинин Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын баса белгилеп, “Манас” университети өлкөдөгү эң маанилүү окуу жайлардын бири экенин белгиледи.

Кубатов ошондой эле “Манас” университети менен Альпинизм федерациясынын тыгыз кызматташтыгына токтолуп, альпинизм спортун өнүктүрүү боюнча түзүлгөн пландарга көңүл бурду.

2024-жылдын 1-майында “Комсомол” чокусуна чыгып, университеттин желегин желбиреткен Кубатов менен “Манастын” бүтүрүүчүлөрү Кыргызстан-Түркия ортосундагы достук жана боордоштук байланыштар мындан ары да чыңдала берерине тилектеш экендигин билдиришти.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C6qqoYgt8aD/

    Социалдык медиада бөлүшүү