Жаңы биринчи проректор кызматына киришти


  • 2024-05-07

Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору болуп дайындалган саясий илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев Алмаз Орозакунович 2024-жылдын 7-май күнү ректоратта уюштурулган азем менен жаңы кызматына киришти.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Расул Абазбек уулунун катышуусунда өткөн аземде ректор, профессор Алпаслан Жейлан жаңы биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев Алмаз Орозакуновичке университеттин төш белгисин тагып, жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, аны менен иштешүүгө кубанычта болорун билдирди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6q26fwNoHW/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү