“Манастык” режиссер Муканбетованын тасмасы эл аралык Туран кинофестивалында 1-орунду алды


  • 2024-05-08

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Сауле Муканбетованын “Үмүт” тасмасы 2024-жылдын 2-3-май күндөрү Измир Эге университетинде өткөн эл аралык “Туран” кинофестивалында чоң ийгилик жаратты.

Быйыл Измир шаарында алгачкы жолу өткөрүлгөн кинофестивалга Кыргызстан, Түркия, Түркменистан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан баштаган жалпы 77 өлкөдөн 1055 тасма катышты. Кыргызстандан 35 тасма катышкан аталган кинофестивалда университетибиздин бүтүрүүчүсү Муканбетованын “Үмүт” тасмасы калыстар тобу тарабынан 1-орунга ээ болду.

“Манас” университетинин студенти Муканбетованын дипломдук иши катары тарткан “Үмүт” кыска метраждуу көркөм тасма Кыргызстандын тоолуу аймагында жашаган 8 жашар кыздын жашоосун баяндайт.

Бүтүрүүчүбүздү алган сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!            

 

 Haberin Fotoğrafları:

 https://www.instagram.com/manasuniv/p/C6sb6dzNTwG/

    Социалдык медиада бөлүшүү