Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында жогорку билим берүү жаатына санариптик трансформациянын тийгизген таасирин баалоо максатында маанилүү иш-чара өткөрүлдү.
Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында уюштурулган “Санариптик трансформация жана жогорку билим берүүнүн келечеги” аттуу ачык талкуу академиктердин, тийиштүү расмий мекемелердин, иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү жана тиешелүү тармактардагы кызыкдар тараптардын катышуусунда өттү.
Ачык талкууга КТМУнун ректору, доктор (PhD), профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, PhD., профессор Исмет Алтынташ, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик жана профессордук-окутуучулук курам катышты.
Онлайн режиминде ачылыш сөзүн сүйлөгөн Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин аткаруу кеңешинин мүчөсү жана КТМУнун Текшерүү комиссиясынын төрагасы, PhD., профессор Нажи Гүндоган ачык талкуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди. “Санариптик трансформация жана келечектеги университеттер” деген презентациясында PhD., профессор Гүндоган санариптик трансформациянын жогорку билим берүүгө тийгизген таасирин талкуулап, КТМУда санариптештирүү процессине байланыштуу жасала турган иштер боюнча сунуштарды берди.
PhD., профессор Гүндоган Университеттердин санариптик трансформациянын нугунда билим берүү программаларын кайра карап чыгуу жана жаңы муундагы көндүмдөрдү камтыган окуу пландарын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, санариптик көндүмдөрдү бардык студенттерге өздөштүрүүсү үчүн окуу пландарына жаңы сабактарды кошуу керек экендигин белгиледи. Студенттердин гана эмес, бүтүрүүчүлөрдүн жана коомдун да бул өзгөрүүгө кошулушу керектигине көңүл бурган PhD., профессор Гүндоган кайрадан квалификация алуу (reskilling) жана квалификациясын жогорулатуу (upskilling) багытында окутуу программаларынын көбөйтүлүшү маанилүү экенин айтты.
Билим берүүдө санариптик өзгөрүүлөр: жаңы кесиптер жана ыкмалар
Ачык талкуунун андан кийинки жыйыны проректор, PhD., профессор Камалбек Карымшаковдун жетекчилигинде улантылды. PhD., профессор Карымшаков окуу жайдын жалпы түзүлүшү жөнүндө маалымат берип, санариптик өзгөрүү алып келген жаңы шарттарда окуу пландарынын түзүлүшү боюнча түшүндүрүп берди.
Отурумда сөз сүйлөгөн Фырат университетинин окутуучусу, PhD., профессор Ахмет Бедри Өзер “Жасалма интеллекттин таасири астында келечектеги кесиптер” аттуу баяндамасы менен жасалма интеллекттин иш дүйнөсүнө тийгизген таасирин талкуулады. PhD., профессор Өзер санариптик трансформация көптөгөн салттуу кесиптерди өзгөртүп жатканын белгилеп, “Манас” университетинде санариптик трансформацияны өнүктүрүү үчүн сунуштаган айрым бөлүмдөрдүн жакынкы жылдарда чоң мааниге ээ болорун баса белгиледи. Ал санариптик доордун талаптарына ылайык академиктерге жана студенттерге санариптик көндүмдөрдү үйрөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Андан соң, Анкара Хажы Байрам Вели университетинин окутуучусу, PhD., профессор Селчук Караман “Жогорку билим берүүдөгү санариптик калыптануу жана колдонмо үлгүлөрү” аттуу баяндамасын катышуучулар менен бөлүштү. Профессор Караман өз сөзүндө университеттердин санариптик трансформация боюнча милдеттери, жогорку билим берүүдө санариптик трансформациянын өлчөмдөрү жана санариптик калыптануу моделинин көрсөткүчтөрүн аныктоо боюнча маалыматтарды берди.
Cанариптештирүү: Техникалык инфраструктураны гана эмес, билим берүү түшүнүгүн да өзгөртүшү керек
Ачык талкууда санариптештирүү техникалык инфраструктураны гана эмес, билим берүү түшүнүгүн да түп-тамырынан бери өзгөртүүсү керектиги баса белгиленди. Катышуучулар санариптик трансформация кантип билим берүү системасына жаңы перспективаларды алып келээрине жана окуу процесстерин кайра түзөөрүнө көңүл бурушту.
Баяндамалардан кийин семинар суроо-жооп бөлүгү менен уланып, катышуучулардын ой-пикирлери жана сунуштары кабыл алынды. Ачык талкуунун резолюциясы проректорлор Режаи Доган жана Камалбек Карымшаков тарабынан катышуучуларга тартууланды.
Программа катышуучуларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу менен аяктады.
КТМУда бул жаатта жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланган иш-чара билим берүүдө туруктуу санариптик трансформация үчүн жасалган маанилүү кадам катары бааланды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DHNUIs1tNpD/?utm_source=ig_web_copy_link
Instagram:
https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DHLAcCztgPp/
"САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯ ЖАНА ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ"
аттуу
АЧЫК ТАЛКУУНУН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин демилгеси менен академиктердин, тийиштүү расмий мекемелердин, иш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн жана тиешелүү тармактардагы кызыкдар тараптардын катышуусунда өткөрүлгөн «Санариптик трансформация жана жогорку билим берүүнүн келечеги» аттуу ачык талкууда жасалма интеллект, ири масштабдагы маалыматтар, туруктуу өнүгүү сыяктуу багыттардын окуу пландарда орун алышын, окуу жана окутуу процесстерине чагылдырылышы, келечектеги кесиптерге тийгизген тийгизген таасирин баалоо максатында уюштурулду. Бул контекстте аталган ачык талкууда жогорку билим берүү жаатына санариптик трансформациянын тийгизген таасири, жасалма интеллекттин кесиптерде алган ролу, окуу жана окутуу процесстерине тийгизген таасири, университеттердин санариптик билим деңгээли сыяктуу маселелер каралып, ар тараптан талкууланды.
Ачык талкуунун табылгалары жана сунуштары төмөнкүдөй:
Келечектеги университеттин эң негизги өзгөчөлүгү – бардык процесстерде санариптик трансформацияны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу.
Ушул жаатта:
Санариптик трансформация жана жогорку билим берүүнүн келечеги аттуу ачык талкуунун жыйынтыгы: Университеттер санариптик трансформацияга ыңгайлашуу жаатында стратегияларды аныктоо жана ишке ашырууда жол башчылык кызматын аркалап берет.
Ушул ачык талкуунун жыйынтыгына ылайык, тийиштүү мекемелер жана уюмдар келечектеги кесиптерге ылайык келүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенүүгө чечкиндүүлүк көрсөтүүлөрү керек.