КТМУнун “Үй-бүлө" жылына кошкон салымы: II Эл аралык үй-бүлө жана баалуулуктар симпозиуму болуп өттү


  • 2025-11-27

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Теология факультети тарабынан “Түрк дүйнөсүндө үй-бүлө” темасында уюштурулган II Эл аралык үй-бүлө жана баалуулуктар симпозиумунун ачылышы 26-ноябрь 2025-жылы Касым Тыныстанов атындагы Конференция залында болуп өттү.

Түркия Республикасы тарабынан жарыяланган “Үй-бүлө" жылынын алкагында өткөн бул иш-чара, Түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштууларды, адистерди жана мекеме өкүлдөрүн бириктирип, үй-бүлө институтун чыңдоого багытталган илимий пикир алышууга маанилүү аянтча түздү.

Иш-чарага Азербайжан Республикасынын Бишкектеги Элчиси Латиф Сейфеддин оглу Гандилов, ТКТРнын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрага орун басары Нургүл Бакирова, КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, ректор, профессрр Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор, профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, дин кызматтары боюнча кеңешчи Салих Сезик, Теология факультетинин деканы, профессор Хүсейин Акйүз, академиктер, Түрк дүйнөсүнөн келген коноктор жана студенттер катышты.

Программа Теология факультетинин окутуучусу,  доктор Хаитмырза Сотволдиевдин Куран окуусу менен башталды.

КТМУнун камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак: “Үй-бүлө — сүйүүнүн, боорукерликтин жана тынчтыктын булагы”

Программанын ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, үй-бүлө коомдун эң негизги жана эң баалуу түп ташы экенин белгиледи.

Профессор Чапак сүйүүнүн, боорукерликтин жана тынчтыктын башаты дал үй-бүлөдө экенин айтып: “Эгер биз үй-бүлөбүздү бекем кармап, бири-бирибизге колдоо көрсөткөн болсок, тынчтыкты, сүйүүнү, бакытты жана ишенимди дагы да күчөтө алабыз. Үй-бүлө — ыйык, Кудай берген институт”,— деди.

Ал руханий баалуулуктар менен бекемделген үй-бүлө коомду курууда чоң роль ойной турганын, ал эми руханий негизи алсыз үй-бүлөлөрдүн тез арада ыдыроо коркунучу бар экенин белгиледи.

Профессор Чапак, түрк коомунда энелердин өзгөчө урматтуу орду бар экенин, чоң ата менен чоң энелердин болсо берекенин, акылмандыктын жана жол көрсөтүүчүнүн символу катары кабыл алынарын кошумчалады.
Ал сөзүн мындай улантты: “Түрк коомунда ата-энеге урмат, балага мээрим — Исламдын негизги баалуулуктары менен бирге жүрөт. Үй-бүлө — чынар дарагы сыяктуу; анын тамыры канчалык бекем болсо, коом да ошончолук туруктуу болот.”

Сөзүнүн аягында профессор Чапак, симпозиумдун өткөрүлүшүнө салым кошкон бардык катышуучуларга жана колдогондорго ыраазычылык билдирди.

“Негизи бекем болгон үй-бүлө — күчтүү коомдун, тынч өлкөнүн тиреги”

Симпозиумда сөз сүйлөгөн КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, 2025-жыл Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан “Үй-бүлө жылы” деп жарыяланганын эске салып, ушул алкакта университет өзүнө тиешелүү жоопкерчиликти аткаруу үчүн бул симпозиумду уюштурганын айтты.

Профессор Жейлан түрк эли тарых бою үй-бүлө түшүнүгүнө өзгөчө маани берип келгенин баса белгилеп: “Билге Каган өзүнүн Көк түрк жазмаларында, ‘Дивани Лугати-түрктө жана ‘Кут алчу билимде’ бизге үй-бүлө болуунун мааниси, анын тарбиясы үйрөтүлөт. Маданиятыбыздын да, ишенимибиздин да негизи — үй-бүлө экенин билебиз”,— деди.

Ал ошондой эле, Куткаруу согушу маалында Мехмет Акиф Эрсойдун мамлекеттик гимн «Истиклал маршынын» "мекенимдин үстүндө түтөп турган акыркы очок өчө элегинде” деген сабындагы “очок” сөзү үй-бүлөнү түшүндүрөрүн белгилеп, үй-бүлө түрк элинин туруктуулугунун жана кайрадан күч топтоо жөндөмүнүн булагы экенин айтты.

Ректор Жейлан сөзүндө үй-бүлөнүн руханий жана коомдук маанисине токтолуп, маркум тарыхчы Осман Турандын “Түрк элинин баарына кол салышсын, бир гана үй-бүлөгө тийишпесин; биз үй-бүлө катары кайра туруп дагы мамлекет кура алабыз” деген сөзүн эске салып, төмөнкүлөрдү кошумчалады: “Ошондуктан үй-бүлө биз үчүн жөн гана жашоо чөйрөсү эмес, коомдун рухун тик кармап турган эң терең жана эң байыркы баалуулук. Руханий, маданий жана адеп-ахлактык нарктар менен тарбияланган үй-бүлө — адамга ишеним берет, улутка күч берет, келечекке болсо багыт берет. Негизи бекем болгон үй-бүлөлөр — күчтүү коомдун, тынч жана туруктуу өлкөнүн эң ишенимдүү пайдубалы.”

Сөзүнүн аягында профессор Жейлан  симпозиум ийгиликтүү өтөрүнө ишенерин айтып, иш-чаранын жыйынтыгында даярдалган баяндамалар электрондук форматта да, китеп болуп басылып да чыгарын билдирди.

Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев: “Үй-бүлө — ар бир коомдун жана ар бир мамлекеттин негизи”

КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев симпозиумдагы сөзүндө "Манас" университети жогорку билим берүү менен гана чектелбестен, коомдогу социалдык маселелерди чечүүгө да салым кошуп келе жатканын белгиледи.

Доцент Ибраев үй-бүлө институту тарых бою адам жашоосунун эң негизги түзүмү болуп келгенин баса белгилеп: “Үй-бүлө — ар бир коомдун, ар бир мамлекеттин пайдубалы. Баарыбыз ата-энебиздин мээрими менен чоңойдук жана ошондой таризде кылымдар бою үй-бүлө адам жашоосунун эң туруктуу институту болуп келди”,— деди.

Акыркы жылдардагы коомдук өзгөрүүлөргө токтолгон доцент Ибраев демократия менен кеңейген эркиндиктер, экономикалык өсүш жана өзгөчө социалдык медиа менен интернеттин тездик менен жайылышы улуттук баалуулуктарга терс таасирин тийгизип жатканын айтты.
“Бул көрүнүштү көрмөксөнгө сала албайбыз, кыргыздын жакшы бир макалы бар: "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат". Демек биз жашырган сайын маселе кийинчерээк дагы да оор көрүнүштө алдыбыздан чыгат”,— деп баса белгиледи.

Доцент Ибраев эки күнгө созула турган бул симпозиум үй-бүлө институтунун бүгүнкү учурдагы көйгөйлөрүн талдоодо өтө маанилүү экенин белгилеп: “Бул конференцияда ушул маселелер кеңири талкууланып, ата-бабалар көрсөткөн жол менен жүрүүбүз зарыл экени дагы бир жолу эске салынат”,— деди.

КТМУнун Теология факультетинин деканы, профессор Хүсейин Акйүз да симпозиум тууралуу маалымат берип, иш-чарага Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түндүк Македония, Азербайжан, Нигерия жана Англиядан катышуучулар келгенин билдирди.
Профессор Акйүз симпозиум алкагында жалпы 129 баяндама сунуштала турганын белгиледи.

Профессор Акйүз үй-бүлөнү адамдын “алгачкы мугалими” катары мүнөздөп: “Үй-бүлө — мүнөздүн, ишенимдердин жана баалуулуктардын биринчи өнүккөн жери. Ошондой эле адеп-ахлактык нарктардын, маданий мурастын жана коомдук үйрөнүүнүн биринчи бешиги”,— деди.

Профессор Акйүз симпозиум өтө кең темаларды камтыганын айтып, модернизация шартында үй-бүлө баалуулуктары, үй-бүлөдө жаралган кризистер, укук жана шариат алкагындагы үй-бүлө саясаты, үй-бүлөдөгү тарбия, искусство жана спорттун ролу сыяктуу көптөгөн маселелер каралаарын белгиледи.

“Түрк дүйнөсүндө үй-бүлө” темасындагы симпозиумдун алкагында маанилүү салтанаттар да өткөрүлдү. Программада КТМУнун негиздөөчү ректору, маркум профессор Карыбек Молдобаевдин фонду тарабынан студенттерге стипендия тапшырылды.

Симпозиумдун алкагында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев негиздөөчү ректор, маркум профессор Карыбек Молдобаевдин кызы Нургүл Молдобаевага 30 жылдык эмгек медалын тапшырышты.

“Үй-бүлө күчтүү болсо, өлкө да күчтүү болот”

Симпозиумда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрага орун басары Нургүл Бакирова үй-бүлө түшүнүгүнүн коомдук түзүмдөгү орду боюнча кеңири баяндама жасады. Бакирова “Үй-бүлө жана баалуулуктар” темасындагы бул эл аралык симпозиум заманбап коомдогу эң маанилүү маселелерди талдоого мүмкүнчүлүк берген абдан маанилүү аянтча экенин белгиледи.

Бакирова сүйлөөсүндө: “Үй-бүлө — улуттун түп тамыры, мамлекеттин тиреги, коомдун пайдубалы. Кыргыздардын жакшы сөзү бар: ‘Үй-бүлө күчтүү болсо, өлкө да күчтүү болот’”,— деп айтты.

Ал үй-бүлөдө калыптанган мүнөз, баалуулуктар жана адеп-ахлак коомдун келечегин түздөн-түз аныктарын, үй-бүлөнүн муундар ортосунда көпүрө болуп кызмат кыларын баса белгиледи.

Бакирова күчтүү үй-бүлө түзүлүшү коомдо ишенимди арттырарын, мындай коомдордо балдар тынчтыкта чоңоёрун, аялдардын укуктары корголорун, жаштар максаттуу болорун, ата-энелердин жоопкерчилиги чыңдаларын айтты. Бул жагдайлардын натыйжасында кылмыштуулук азайып, коомдук туруктуулук күчөп, мамлекеттик институттарга болгон ишеним артарын кошумчалады.

Кыргыз коомунда үй-бүлө тарых бою “ыйык” катары каралып келгенин эске салган Бакирова: “Үй-бүлө маданиятын сактоо — бул жөнөкөй социалдык же укуктук маселе эмес, бул улуттун келечеги үчүн чоң жоопкерчилик”,— деди.

Ал ынтымак менен жасалган аракет үй-бүлөлөрдү коргоого, балдарга бекем келечек даярдоого, коомдо биримдик менен ынтымакты чыңдоого чоң салым кошорун белгиледи. Сөзүнүн аягында Бакирова эки боордош элдин ортосунда уюштурулган бул симпозиум үй-бүлөнү коргоого багытталган ой-пикир жана кызматташууну дагы да өркүндөтөрүнө ишеним арттырып, катышкан бардык конокторго ыраазычылык билдирди.

Программа “Түрк дүйнөсүндө үй-бүлө” темасындагы ачылыш отуруму менен уланды.

Профессор Мустафа Эрдем жетектеген бул отурумда өз  тармагында тажрыйбалуу окумуштуулар баяндамаларын сунушташты.
Профессор Мустафа Эрдем “Бөлүнгөн үй-бүлө синдрому: ата-энеси тирүү жетимдер” темасын талдады.
Профессор Акматалы Алимбеков кыргыз акындарынын чыгармаларында үй-бүлөгө негизделген салттуу жыныстык ролдорду изилдеп берди.
Доцент Абдумурад Тилавов “Алпамыш дастанында үй-бүлө, тарбия жана баарлашуунун көркөм чечмелениши" тууралуу маалымат бөлүштү. Ал эми доцент Тусупхан Имаммади “Казак үй-бүлө укугунда калын жана мехир: өткөнү жана бүгүнү” аттуу баяндамасын сунуштады.

Симпозиум оффлайн жана онлайн форматта бир убакытта уланууда. Окумуштуулар тарабынан сунушталып жаткан баяндамалар, Түрк дүйнөсүндө үй-бүлө институтун сактоо жана чыңдоо боюнча жалпы пикирлердин жана чечимдердин калыптанышыныа маанилүү салым кошору күтүлүүдө.

    Социалдык медиада бөлүшүү