Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан Түрк тил уюму (TDK), ТҮРКСОЙ жана Евразия жазуучулар биримдигинин (AYB) колдоосу менен Якуп Өмөроглуна элесине арналып уюштурулган X Эл аралык жаш түркологдор симпозиуму 2025-жылдын 21–22-апрелинде Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өттү.
Түркология багытында билим алып жаткан магистранттар жана жаш изилдөөчүлөрдү академиялык чөйрө менен тааныштыруу, тил, адабият, фольклор, тарых, археология, философия жана социология сыяктуу тармактардагы илимий иштерди колдоо максатында өткөрүлгөн бул симпозиумга КТМУнун проректорлору профессор Режаи Доган, профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, Түрк тил уюмунун төрагасынын орун басары, доцент Харун Шахин, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, түркология бөлүмүнүн башчысы, профессор Озан Йылмаз, маркум Якуп Өмөроглунун жубайы Хава Өмөроглу менен кызы Өзгө Өмөроглу, ошондой эле көптөгөн окутуучулар, студенттер, илимий кызматкерлер катышты.
Симпозиум түрк дүйнөсүнө жан дили менен кызмат кылган Якуп Өмөроглуна арналган көргөзмөнүн ачылышы менен башталды. Программа мамлекеттик гимндер, окуу жайдын таанытуу тасмасы жана Якуп Өмөроглуна арналган эскерүү тасмасы менен уланды.
Түрк тил уюмунун төрагасынын орун басары, доцент Харун Шахин жаш түркологдорго кайрылуу сөзүндө түрк тилинин бардык диалекттери боюнча жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал тилди өткөн тарых менен гана чектебестен, заманбап талаптарга ылайык технология, соода жана атайын билим берүү сыяктуу тармактар менен айкалыштыруунун абдан маанилүү экенин белгиледи.
КТМУнун башкы катчысы, профессор Исмет Алтынташ өз сөзүндө түрк дүйнөсүнө опол тоодой кызмат кылган маркум Якуп Өмөроглуну эскерип, 30 жылдык достук мамилеси менен бөлүштү. Ал Якуп Өмөроглунун түркология тармагына эбегейсиз чоң салым кошконун баса белгилеп, анын эмгектери, позициясы жана түрк дүйнөсүнө болгон сүйүүсү менен өсүп келе жаткан жаш түркологдор үчүн мыкты адабиятчы, ойчул, идеянын ээси болгонун белгиледи.
ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев түркология жөн гана илим тармагы эмес экенин айтып, “Түркология — бул биздин тилдин үнү, тарыхыбыздын эс тутуму, адабиятыбыздын булагы жана элдер ортосундагы эң бекем руханий көпүрө”, — деди. Ал ар бир сөздө бир өздүк, ар бир макалда бир акылмандык, ар бир уламышта бир элдин жаны катылганын белгилеп, жаш изилдөөчүлөр бул мурасты изилдөө менен жөн гана маалымат бербестен, орток өздүктүн негизи болуп саналган руханий уюткуну кайрадан жууруп жатышканын кошумчалады. Ошондой эле мындай илимий иш-чаралар академиялык өнүгүүгө гана эмес, маданий байланыштардын бекемделишине жана элдер ортосунда түшүнүшүүнүн, кызматташуунун өсүшүнө да салым кошоорун белгиледи.
Түркология бөлүмүнүн башчысы, профессор Озан Йылмаз өз сөзүндө симпозиумдун алкагында Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия Федерациясы (Хакасия жана Тыва), Косово, Афганистан, Иран, Италия, Түндүк Македония, Чили жана Украинадан келген окутуучулар жана изилдөөчүлөрдүн катышуусунда онлайн жана офлайн отурумдар өткөрүлө тургандыгын билдирди.
Андан кийин маркум Якуп Өмероглунун жубайы Хава Өмероглу жана кызы Өзге Өмероглуга сөз берилди. Хава Өмероглу жолдошунун түрк дүйнөсүнө болгон терең сүйүүсүн жана өмүрүн арнаган баалуулуктарын толкундануу менен айтып берип, залдагы катышуучуларга көрсөткөн сыйы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Өзге Өмероглу болсо атасынын илимий мурасын улантууга аракет кылып жаткан жаш изилдөөчүлөргө кайрылып, анын кыялы дал ушул сыяктуу иш-чаралардын негизинде ишке ашканын билдирди.
Ачылыш сөздөрүнөн кийин симпозиумдун биринчи отуруму профессор Лайли Үкүбаеванын жетекчилигинде өтүп, катышуучулар кызыгуу менен угушту.
Иш-чаранын алкагында ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев тарабынан түрк дүйнөсүнүн маданиятына жана искусствосуна кошкон баалуу салымы үчүн түркология бөлүмүнүн башчысы, профессор Озан Йылмазга Низами Генжеви атындагы медаль тапшырылды.
“Түрк дүйнөсү үчүн орток бир концепциянын үнү болдук”
2025-жылдын 22-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан симпозиумдун жабылыш аземинде сөз сүйлөп, университеттин миссиясы жана симпозиумдун мааниси тууралуу маанилүү билдирүү жасады.
Профессор Жейлан КТМУ түзүлгөн күндөн бери илимий иш-чараларды колдогон, билим берүү жана изилдөө ишмердүүлүгүнө жол көрсөткөн, түркологияга салым кошо турган бардык долбоорлорго ачык ЖОЖ экенин баса белгиледи. “Университеттен да артык” урааны менен жолун улантып жаткан окуу жай жергиликтүү чөйрөдөн дүйнөгө ачылган эшик экенин айткан профессор Жейлан “Манас” университети илимпоздордун жолугушуу жайына айланганын билдирди.
Быйыл онунчу жолу өткөрүлгөн бул симпозиумдун түрк дүйнөсүнө арналган эмгектери менен таанылган Др. Якуп Өмероглунун арбагына багышталган өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеген профессор Жейлан Өмероглунун ыйык элеси бул иш-чара аркылуу кайрадан жүрөктөрдөн орун тапканын билдирди.
Иш-чаранын академиялык платформа гана эмес, түрк дүйнөсүнө дилгир жаштардын жалпы келечекке карата күчтүү көз караш тартуулаганын баса белгилеген профессор Жейлан симпозиумду уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, жасалган баяндамалар түркология дүйнөсү үчүн пайдалуу болсун деген тилегин билдирди.
Симпозиумдун жыйынтыктоочу отурумунда окутуучулар тарабынан берилген баалоолор катышуучулардын салымдарын терең талдап, иш-чараны маңыздуу түрдө жыйынтыктады. Айтылган пикирлер жана сунуштар бул илимий жолугушуунун жигердүүлүгүн дагы бир ирет көрсөттү.
Эки күнгө созулган Х Эл аралык жаш түркологдор симпозиуму жаш изилдөөчүлөрдүн тармактар аралык көз караштары менен түркологияга жаңы горизонтторду алып келген, пайдалуу жана шыктандыруучу иш-чара катары эсте калды.