“Манас” университетинде “Түрк 2025: Илим, технология жана орток келечек үчүн стратегиялык жолугушуу”


  • 2025-04-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Ататүрк университетинин кызматташтыгынын алкагында уюштурулган I Эл аралык Манас илим жана технология конгресси 2025-жылдын 24-апрелинде расмий ачылыш аземи менен башталды. Ачылыш аземи Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өттү.

Конгресстин ачылыш аземине КТМУнун проректорлору профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алынташ, КТМУнун конгрессинин төрагасы, профессор Эржан Челик, Ататүрк университетинин конгрессинин төрайымы, профессор Хайрунниса Надароглу, ошондой эле көптөгөн окутуучулар, студенттер жана коноктор катышты.

Конгресс КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын ачылыш билдирүүсү менен башталды. Илимдин жана технологиянын универсалдуу күчүнө басым жасаган бул конгресстин Ататүрк университети менен кызматташтыкта уюштурулгандыгы чоң сыймык тартуулаганын белгилеген профессор Жейлан бул биримдик түрк дүйнөсү жана эл аралык академия үчүн маанилүү кадам экендигин баса белгиледи.

Кеңири дисциплина тармактарын камтыган бул конгресс физика тармагынан тартып жасалма интеллектке, айыл чарба технологияларынан нанотехнологияга чейин көптөгөн багыттарда илимий өз ара аракеттенүүнү күчөтөт деген ишенимин билдирген профессор Жейлан бул конгресс жаңы изилдөө боюнча кызматташтыктарга жол ачарына жана орток келечекке салым кошоруна терең ишенимин билдирди.

Бул конгресс — туруктуу достуктун жана орток концепциянын башталышы

Конгресске видео кайрылуу аркылуу катышкан Ататүрк университетинин ректору, профессор Ахмет Хажымүфтүоглу бул иш-чаранын бир гана илимий эмес, ошол эле учурда туруктуу достуктун, орток концепциянын жана өз ара ишенимдин символу болгон жаңы доордун башталышына күбө болуп жатканын белгиледи.

Профессор Хажымүфтүоглу: “Бул конгресс эки боордош университеттин ортосундагы академиялык байланыштарды мындан ары бекемдеп, студенттер менен илимпоздордун ортосунда көпүрө түзүп, илимий өндүрүмдүүлүккө салым кошоруна чын дилим менен ишенем”, — деди. “Илим жолунда жемиштүү конгресс өтүшүн каалайм жана бул достук көпүрөсү чоң биргелешкен ийгиликтерге өбөлгө болоруна тилектешмин”, — деп жыйынтыктады.

Илимди адамзаттык баалуулуктар менен айкалыштырышыбыз керек

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, профессор Режаи Доган конгресстин жүрүшүндө сүйлөгөн сөзүндө илимий өнүгүүлөрдүн технологиялык жылыштар менен гана чектелип калбашы керек экендигин баса белгилеп, адамзатка жана коомго басым жасаган толук илим түшүнүгүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Профессор Доган гуманитардык илимдер жеке адамды жана коомду, табигый илимдер болсо чөйрөнү түшүнүүгө жардам берерин белгилеп, “Илим биздин жашообузду жеңилдетет, муктаждыктарыбызды камсыз кылат, өнүгүүбүзгө багыт берет. Айыл чарба тармагынан өнөр жай тармагына, буга чейин маалыматтык тармагына өтүп жаткан дүйнө бүгүнкү күндө нанотехнология, жасалма интеллект жана космос доору сыяктуу түшүнүктөр менен сүрөттөлөт”, — деди.

Бирок заманбап доор алып келген ылдамдык жана өзгөрүүлөр менен бирге социалдык мамилелердин алсырашын, маданий эрозияны жана экологиялык бузулууларды камтыган көйгөйлөр да пайда болгондугун белгилеген профессор Доган илимдин бир гана логика жана математика негиздерине эмес, ошондой эле этикалык жана адамзаттык баалуулуктарга да таянышы керектигин баса белгиледи.

Профессор Доган “Манас” университети өзүнүн илимий ишмердүүлүктөрүн тарыхый тамырларына таянып улантып жаткандыгын билдирүү менен сөзүн улап, университеттин бир гана технологиялык эмес, ошондой эле социалдык, маданий жана гуманитардык тармактарда да илимий өндүрүш миссиясы менен иш алып барганын белгиледи.

“Орток концепция түптөлө турган илимий пайдубал”

КТМУнун табигый илимдер факультетинин колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн башчысы жана конгресстин төрагасы, профессор Эржан Челик: “Бүгүн биз бул жерде бир гана илимий изилдөөлөрдү же технологиялык жаңылыктарды бөлүшүү үчүн эмес, ошондой эле тармактар аралык өз ара аракеттенүүлөр аркылуу жаңы идеялардын пайда болоруна, орток концепциянын түзүлөрүнө өбөлгө түзүү үчүн жыйынга чогулдук”, — деди.

Бүгүнкү күн ылдам технологиялык өнүгүүлөр менен түптөлүп жатканына көңүл бурган профессор Челик маалыматтын бир гана өндүрүлүшү эмес, ошол эле учурда адамзаттын пайдасына колдонулушунун да чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Ал эми Ататүрк университетинен конгресстин төрайымы, профессор Хайрунниса Надароглу конгресстин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө илимий кызматташтыкты бекемдеген бул маанилүү жолугушуунун тарыхый жана маданий терең маанисине көңүл бурду. Кыргызстандын борборунда, байыркы Жибек жолу менен байланышкан жерлерде уюштурулган бул конгресс Түркиянын илим жана технологияга болгон бекем ишеними менен Кыргызстан менен түзүлгөн тамыры терең боордоштук байланыштардын бекем натыйжасы экендигин баса белгиледи.

Профессор Надароглу: “Бул өзгөчө жолугушуу бир гана Түркия менен Кыргызстанды эмес, ошондой эле илимге кызыккан, ар кандай аймактардан келген кыйын илимпоздордун орток концепцияда биригишинин да реалдуу көрсөткүчү”, — деп сөзүн жыйынтыктады.

Ачылыш конференциясы: Нанокатализаторлор менен туруктуу келечек

Ачылыш сөздөрүнөн кийин Коч университетинин ага окутуучусу, профессор Өндер Метин Нанокатализаторлор менен туруктуу келечекти түптөө” деген темада таасирдүү баяндама жасады. Профессор Метин нанокатализаторлордун аймактын жана өнөр жайдын туруктуулугу жагынан алып жүргөн маанисин илимий маалыматтардын негизинде айтып берди.

Тогуз өлкөдөн келген илимпоздордун жолугушуусу

Илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана технологиядагы жаңылыктарды бөлүшүүнү максат кылган конгресске Кыргызстан, Түркия, Кытай, Греция, Иран, Индия, Япония, Малайзия жана Польшадан 165 катышуучу келди.

Эки күн бою онлайн жана офлайн өткөрүлгөн конгрессте ар кандай тематикалык тармактарда сегиз отурум уюштурулду. Баяндамалар төмөндөгү тармактарда жасалды:

  • Математика жана бухгалтерия илимдери
  • Физика жана материалдык илимдер
  • Химия жана химиялык заттар илимдери
  • Биологиялык илимдер
  • Инженердик жана технологиялык илимдер
  • Нанотехнология жана өнүккөн материалдар
  • Компьютердик илимдер жана жасалма интеллект
  • Айыл чарба жана азык-түлүк илимдери

Түрк 2025: I Эл аралык Манас илим жана технология конгресси бир гана илимий маалымат алмашуу платформасы гана эмес, түрк дүйнөсү менен эл аралык илим чөйрөсүнүн ортосунда туруктуу достук көпүрөлөрүн курууга да маанилүү салым кошту.

    Социалдык медиада бөлүшүү