Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди


  • 2025-04-29

Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш расмий сапардын алкагында 2025-жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди.

Төрага Куртулмушту Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, окуу жайдын жетекчилери жана студенттер Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчада уюштурулган расмий азем менен тосуп алышты. Аземден кийин төрага Куртулмушка жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна арналып, эстеликке дарак отургузулду. Бул маанилүү иш-чара сапардын унутулгус эстелиги катары студенттик шаарчадан орун алды.

Окутуучулар жана студенттер менен жолугушуу

Сапар ректорлук жыйындар залында уюштурулган академиялык жолугушуу менен уланды. Иш-чарага Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы, профессор Нуман Куртулмуш, Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Түркия менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси Алишер Козуев, Конституциялык комиссиянын төрагасы Юсуф Бейазыт, “Маариф” фондунун төрагасы Махмут Мустафа Өздил, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, депутаттар, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер жана басма сөз кызматкерлери катышты.

Иш-чара Кыргызстан жана Түркиянын мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды. Андан соң окуу жайдын таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы, профессор Нуман Куртулмуштун тыгыз графигине карабастан “Манас” университетине келгенине абдан кубанычта болгонун айтып, ал үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

Жеке өзүнүн жана окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдирген профессор Жейлан КТМУ түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын сактап калуу жана билимдүү муундарды тарбиялоо үчүн берилгендик менен иштеп жатканын билдирди.

Бул маңыздуу сапар дем-күч жана шык бергенин баса белгилеген профессор Жейлан жолугушуу түрк дүйнөсү менен болгон руханий байланыштарды дагы да бекемдейт деген ишенимин билдирди.

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев “Манас” университети бир гана Кыргызстан менен Түркия үчүн эле эмес, бүткүл түрк дүйнөсү жана Борбор Азия үчүн маанилүү илим жана маданият борборуна айланганын баса белгиледи. Ибраев мындай жолугушуулар жаш илимпоздор менен студенттер үчүн шыктандыруучу булак экенин билдирди.

Түркиянын улуу улуттук жыйынынын төрагасы, профессор Нуман Куртулмуш

Түркиянын улуу улуттук жыйынынын төрагасы профессор Нуман Куртулмуш сөзүн  “Манас” университетине келгенине кубанычта экенин билдирүү менен баштады. КТМУнун дүйнөлүк университеттер рейтингинде алдыңкы миңдикке кирүүсү чоң жетишкендик экенин белгилеп, аны түрк дүйнөсүнүн “жылдызы жанып келе жаткан” жогорку окуу жайларынын бири катары сыпаттады.

Профессор Куртулмуш Борбордук Азиядан Европанын ички аймактарына чейин созулган үч жүз миллиондук түрк дүйнөсү жаш калкы жана жаратылыш ресурстары боюнча чоң потенциалга ээ экенин белгиледи. Ошондой эле Түркиянын түрк мамлекеттеринин көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган өлкө катары бул тарыхый процесстеги маанилүүлүгүн эске салды.

Тарыхый мурастын изи менен

Сөзүндө түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурасына да токтолгон Куртулмуш Таж-Махалдан Мостар көпүрөсүнө, Ахмет Ясавиден Амир Темирдин күмбөзүнө чейинки кеңири географияда түрк цивилизациясынын издерине көңүл бурду. Түрк дүйнөсү ушул мурастын негизинде келечекке ишенимдүү кадамдар менен бара ала турганын баса белгиледи.

КТМУга колдоо

Профессор Куртулмуш “Манас” университетине Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын биргелешкен саясий эрки менен күчтүү колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирип, президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Таййип Эрдогандын окуу жайга көрсөткөн колдоосун өзгөчө белгиледи.

Илим жана даанышмандыктын борбору

Профессор Куртулмуш жаштарга бир гана кесиптик билим берилбестигин; ошол эле учурда балдарды өз маданий баалуулуктарын коргогон инсан кылып тарбиялоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Сөзүнүн соңунда “Манас” университети мындан ары да ушул көз караштын негизинде түрк дүйнөсү үчүн илим жана даанышмандыктын борбору болуп кала берет деген ишеничин билдирди.

Программа өз ара белектерди тапшыруу жана эстеликке жамааттык сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү