Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин ага окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Элмира Төлөкованын балдарга арналган “Жашынмак” аттуу ырлар жыйнагы үч тилде жарык көрдү.
Балдар ырларынын жыйнагынын бет ачары 2025-жылдын 13-майында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өткөрүлүп, ага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин башчысы, шаардык Билим берүү башкармалыктардын жетекчилери, мугалимдер жана тарбиячылар катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университети – Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алтын көпүрө экенин айтып, буларга токтолду: “Албетте, биздин жаштар сөзсүз түрдө билим алышы керек. Билим берүүдө “Манас” университети эң маанилүү окуу жай болуп эсептелет. Дүйнөнүн алдыңкы миң окуу жайынын катарына кирген Кыргызстандагы жалгыз университет. Биз ушул куттуу жерде, Теңир-Тоонун этегинде түрк дүйнөсүнө, Кыргызстанга таланттуу, билимдүү жаштарды өстүрүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз.”
Ректор Жейлан “Манас” университети кыргыз тилинин өнүгүүсү үчүн чоң салым кошуп келе жатканын белгилеп, “Жыл сайын 1500-2000 студентке эң мыкты деңгээлде кыргыз тили окутулат. Окуу жайыбыз заманбап тилдерди окутуу жаатында дагы дүйнөдөгү алдыңкы 350 университеттин катарында”, – деди.
“Биздин университетте 21 жылдан бери иштеп келе жаткан, кыргыз тилин үйрөтүү жаатында эмгеги сиңген окутуучубузду куттуктайм!”- деген ректор Элмира Төлөковага келечекте дагы ийгиликтүү чыгармаларды жаратуусуна тилектештигин билдирди.
“Жашынмак” ырлар жыйнагын коомчулукка жана балдар дүйнөсүнө жеткирүүдө Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия колдоо көрсөтүп уюштурду. Жыйнак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан кыргыз, орус жана англис тилдеринде басылып чыкты.
Ырлардын орус тилине котормосун Жылдыз Акаева жана Анна Бичевина, англис тилине Алтынай Токтоматова, ал эми обондорду композиторлор Камчыбек Букалаев жана Догдурбай Урмамбетов жазышкан.
Белгилүү акын Элмира Төлөкова “Манас” телеканалына берген маегинде жыйнак тууралуу маалымат берип, мындай деп улантты: “Балдар ырларын жазуу кыйын, дайыма эле жазыла бербейт. Жазуу үчүн балдардын психологиясын түшүнүү керек. Эргүү келип калганда жазып жүрүп, өмүр бою топтогон ырларым жыйнак болуп басылып чыкты.”
Иш-чарада ырлар үч тилде көркөм окулуп, окуучулардын концерттик номерлери тартууланды.