Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Манас” телеканалы тарабынан даярдалган “Куттуу Рамазан” берүүсү ыйык Рамазан айында биримдикти, маданий мурасты экран аркылуу чагылдырат.
Университетте эмгектенген академиялык кызматкерлердин жубайларынын жана Туризм факультетинин салымы менен даярдалган бул берүүдө руханий дүйнөнү байыткан диний маектер менен катар Рамазан дасторконуна өзгөчө көрк кошкон Түрк дүйнөсүндөгү даамдар орун алат.
Берүүдө тамак-аштарды даярдоо процесси, алардын аймактык өзгөчөлүктөрү, маданий ар түрдүүлүгү жана Рамазан дасторконундагы орду тууралуу кеңири баяндалат. “Куттуу Рамазан” программасы Рамазан айында ооз ачуу убагында “Манас” телеканалында көрсөтүлөт.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ