Улуттук университетинен академиялык делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетине расмий иш сапары менен келишти.
Программанын жүрүшүндө делегацияны КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан ректорлук макамында кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосунда акадамеялык мамилелердин бекемделиши, студент жана окутуучулардын алмашуу программаларын арттыруу жана орток илимий долбоорлорду жүргүзүү боюнча пикир алмашуулар орун алды.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жолугушууга абдан кубанычта экенин айтып, “Түрк дүйнөсүнүн университеттери ортосундагы бул сыяктуу байланыштар академиялык кызматташтыкты гана эмес, ошол эле учурда маданий байланыштарды да бекемдөөдө. “Манас” университети катары бул процесске салым кошуп жатканыбызга чын жүрөктөн кубанычтабыз”, - деди.
Жолугушуунун алкагында Өзбекстандан келген окутуучулар КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүндө уюштурулган академиялык семинарда студенттер жана профессордук-окутуучулук курам менен жолугушту. Илимий баяндамалар жасалган жыйында катышуучулар өз ара суроо-жооптор менен маалымат алмашышты.