Манаста бөлүшүү маданияты жанданды


  • 2025-05-16

2025-жылдын 15-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектеби тарабынан үлгү болорлук социалдык жоопкерчилик иш-чарасы уюштурулду. Жогорку мектептин социалдык иш-чаралар комиссиясынын демилгеси менен кайрымдуулук максатында уюштурулган тамак-аш жарманкеси борбордук имараттын бакчасында  бир нече адамдын катышуусунда өттү.

Кыргыз жана түрк ашканасынан даамдар коюлган жарманкеде окутуучулар, административдик кызматкерлер жана алардын жубайлары, ыктыярдуу студенттер тарабынан  даярдалган тамактар келген коноктордун зор кызыгуусуна арзыды. Бул иш-чара бөлүшүү жана жардамдашуу маданиятын бекемдеп, “Манас” коомчулугунда бекем биримдик сезимин жаратты.

Жарманкеге колдоо көрсөткөндөрдүн арасында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор жана чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен жана туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу да бар. Университет жетекчилиги иш-чарага салым кошкон бардык катышуучуларга жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан иш-чара боюнча буларга токтолду: “Мындай иш-чаралар түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктарын сактап, бизди биз кылган ынтымак жана бир туугандык байланышын чыңдаган үлгүлөр. Биз, “Манас” университети, академиялык жетишкендиктер менен катар адамдык жана социалдык жоопкерчиликке да бирдей маани беребиз.”

Иш-чара учурунда түрк дүйнөсүнүн обондору жаңырып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Жылуулук, ыктыярдуулук жана жардамдашуу сезимдери өзгөчө байкалган жарманке күн бою жандуу өттү.

Түшкөн каражаттар муктаж болгондорго берилери пландалган бул маанилүү иш-чара “Манас” университетинин түрк дүйнөсүн бириктирген билим берүү жана тилештештик борбору болуу концепциясын ачык чагылдырып турду.

Бөлүшүүдөн берекеге, биримдиктен күчкө айланган бул өзгөчө күндө “Манас” үй-бүлөсү социалдык жоопкерчилик жаатында үлгү болду.

    Социалдык медиада бөлүшүү