2025-жылдын 16-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмү тарабынан “Күү жана кыял” аттуу концерт уюштурулду. Бул өзгөчө маданий иш-чара Касым Тыныстанов атындагы чоң жыйындар залында өткөрүлүп, музыка сүйүүчүлөрдүн купулуна толду.
Аталган концерт кыргыз улуттук музыкасынын терең философиялык маанисин, күүлөр аркылуу берилген элдин тарыхын жана руханий дүйнөсүн чагылдырды.
Иш-чарага окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан, окутуучулар жана студенттер катышып, өнөрпоздордун талантына күбө болушту.
Концерттин жүрүшүндө улуттук аспап – коштоосунда кыргыз күүлөрү жана обондор аткарылып, студенттер ата-бабалардан калган мурасты сахнага алып чыгышты.
Концерт көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуусуна жана колдоосуна арзыды.
Студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүдө жана маданий мурастарды жандандырууда чоң роль ойногон “Күү жана кыял” концерти улуттук рухту даңазалаган, күүлөр аркылуу кыял дүйнөсүнө сапар тартуулаган өзгөчө чыгармачыл кечеге айланды.