Ата Журтта 19-Май майрамы


  • 2025-05-19

19-Май - Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамын белгилөө Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан “Ататүрк” сейил багында уюштурулган гүлчамбар коюу аземи менен  башталды.

2025-жылдын 19-майында өткөн иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мехмет Мустафа Кемал Өкем, элчиликтин кеңешчилери жана кызматкерлери, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, профессор Камалбек Карымшаков, КТМУнун окутуучулары жана административдик кызматкерлери, Билим берүү кеңешчилигине караштуу мектептердин мугалимдери жана окуучулары, коомдук уюмдардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Салтанат Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Гүлчамбар коюлгандан кийин Ататүрктү, анын куралдаш жолдошторун жана бардык шейит кеткендерди урмат менен бир мүнөттүк эскерүү болуп, гимн ырдалды.

“Мекенди куткаруучу күч - элдин тайманбастыгы менен чечкиндүүлүгү”

Иш-чарада сөз сүйлөгөн элчи Мекин Мустафа Кемал Өкем күндүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, жаштарга кайрылып, “Мекендин бүтүндүгү жана элдин көз карандысыздыгы коркунучта. Мекен менен элди куткара турган күч - элдин өзүнүн тайманбастыгы менен чечкиндүүлүгү. Элдин бул күчү менен эч бир башка күч тең келе албайт,” - деди.

19-май бир гана дата эмес, ошол эле учурда кайра жаралуунун жана жандануунун чоң символу экенин белгилеген элчи: “Бул майрам - кыйраган империянын жана жерге жыгылган улуттун күңүрт күлүнөн 19-майда башталган улуттук ойгонуу жана боштондук күрөшү аркылуу жаралган жаш жана көз карандысыз элдин пайда болушун баяндайт”, - деди.

Ар бир улуттук майрамда болгондой эле, бул маанилүү күнү да Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана анын куралдаштарын терең урматтоо менен эскерген элчи: “Бул өлкөнү бизге аманат кылып кеткен бардык баатырларыбызды терең урматтоо менен эскерип, 19-Май - Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы менен куттуктайм” , - деп сөзүн жыйынтыктады.

Программа жаматтык эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү