ТРТ Музыканын көрүүчүлөр тарабынан кызыгуу жараткан “Түркстандан Румелияга чейин” аттуу программасынын эки чыгарылышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде тартылып жатат.
“Манас” телеканалы менен көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган тартуу иштерине музыка бөлүмүнүн окутуучулары Гөкхан Усал, Нежип Йылгын жана Фатих Эренлер менен бирге “Түрк дүйнөсү” оркестри катышууда.
Программа Теңир-Тоонун этектеринде жана Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчадагы боз үйдө тартылууда.
Орхан Чакмак менен биргеликте түрк дүйнөсүнүн изи чагылдырылып, маданияттар аралык байланыш экранга чыгарылган бул программанын “Манаска” арналган атайын бөлүмдөрүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университети таанытылып, түрк дүйнөсүнүн бай музыкалык маданияты тууралуу маектер дагы жүргүзүлүүдө.
Тартуу иштеринин соңунда программа ТРТ Музыка, ТРТ Аваз жана “Манас” телеканалында көрсөтүлөт.