Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2024–2025-окуу жылынын 24-бүтүрүүчүлөрүн чоң шаң, сөз менен жеткире алгыс сыймык жана кол чабуулар менен узатты. 2025-жылдын 28-майында Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчанын ачык спорт аянтчасында өткөн салтанаттуу Бүтүрүү аземи академиялык жетишкендиктерди даңазалоо менен бирге унутулгус көз ирмемдерге толду.
Аземге КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор, факультеттердин декандары, жогорку мектептердин мүдүрлөрү, башкы катчы, Азербайжандын, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилери, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын, Ирандын жана Түркмөнстандын дипломатиялык өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын биринчи проректорлору, академиялык жана административдик кызматкерлер, басма сөз өкүлдөрү жана студенттердин үй-бүлөлөрү катышты.
30 жылдык шаңы менен көркүнө көрк кошулган Бүтүрүү аземи
30 жылдык мааракесин белгилеген, түрк дүйнөсүнүн билим берүү тармагынын мыктысы жана сыймыгы болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2024–2025-окуу жылынын Бүтүрүү аземин бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу жүрүшү менен ачты. Андан соң Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик гимндери аткарылып, иш-чара университет жетекчилери менен протокол мүчөлөрүнүн куттуктоо сөздөрү менен уланды.
Ректор, профессор Жейлан: “Кыргыз-Түрк “Манас” университети — цивилизациянын алып жүрүүчүсү”
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Бүтүрүү аземинде сөзүн бүтүрүүчүлөрдү жана алардын үй-бүлөлөрүн куттуктоо менен баштап, “Манас” университети бир гана билим берүү мекемеси эмес, ошондой эле байыркы баалуулуктардын жана терең тамырлуу цивилизациянын алып жүрүүчүсү экенин баса белгиледи: “КТМУ — бул бир гана билим берүү мекемеси эмес, ал байыркы баалуулуктар менен терең тамырлуу цивилизациянын да алып жүрүүчүсү.”
Сөзүнүн соңунда бүтүрүү гана эмес, ошол эле учурда таандык жана жоопкерчилик аң-сезими менен жасала турган жаңы кадам экенин белгилеп, мындай деди: “Бүгүн — жөн гана бүтүрүү аземи эмес, бул таандык менен жоопкерчиликтин башталышы. 30 жылдык мааракени белгилеп жаткан ушул өзгөчө күнү студенттерди узатып жатканыбызга абдан сыймыктанып жатабыз. Бирок биз жөн гана диплом бербестен, абийирдүү, жоопкерчиликти терең түшүнгөн жаштарды тарбиялап жатабыз. Анткени биз жөн гана университет эмеспиз — биз университеттен да артыкпыз.”
Окутуучулар жана административдик кызматкерлер да унутулган жок
Профессор Жейлан өз сөзүндө окутуучуларга жана административдик кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, “Сабак берүү маанилүү, бирок студенттин жүрөгүнө тийип, анын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирүү, таануу — бул өзүнчө өнөр”, — деди.
Административдик кызматкерлердин берилгендик менен жасаган эмгегин да эске алып, “Сиздер трибунада сөз сүйлөбөй, сахнадан алкыш ала бербейсиздер, бирок бул системанын артындагы көрүнбөгөн тирек сиздерсиздер”, — деген сөздөрү менен салым кошкондордун баарына ыраазычылыгын билдирди.
Ректор Жейлан сөзүнүн аягында Чыңгыз Айтматовдун “Адамды адам кылган — анын төрөлгөн жери гана эмес, ишенген баалуулуктары” сөзүн эске салып, бүтүрүүчүлөргө кайрылды: “Түрк дүйнөсү силерди күтүп жатат. Көпүрө болгула, жакшы нерселерге себепчи болгула, биримдикте бирге болгула! Бул бир коштошуу эмес, башталыш экенин унутпагыла. Жолуңар ачык, жүрөгүңүздөр тынч, акылыңар тунук, Дениңер сак болсун!”
Биринчи проректор саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев: “Манас” университетинин жүзү – силерсиңер”
КТМУнун биринчи проректору саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев университеттин өнүгүү концепциясын жана билим берүүдөгү жаңыланууларды бүтүрүүчүлөр менен бөлүшүп, мындай деди: “Билим сапатын жогорулатуу үчүн ар тараптуу аракеттерди көрүп жатабыз. Максатыбыз — жаңы муундун муктаждыктарына жооп бере турган, атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды өстүрүү”
Саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Ибраев бүтүрүүчүлөргө кайрылып, “Бүгүнкү күн —силер үчүн өзгөчө жана унутулгус күн. Студенттик жылдарда топтогон билим жана тажрыйбаңар турмуш жолуңарда бекем пайдубал болуп берет деп терең ишенем”, — деди.
“Бүтүрүү — бул жеке ийгилик эле эмес, ошондой эле жалпы эмгектин жыйынтыгы”, — деген биринчи проректор Ибраев бул ийгиликте окутуучулардын жан аябас эмгеги, үй-бүлөлөрдүн колдоосу жана студенттердин ортосундагы достуктун маанилүү ролу бар экенин баса белгиледи.
Дипломатиялык өкүлдөрдүн бүтүрүүчүлөрдү куттуктоосу
Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Сейфеддин уулу Гандилов өз сөзүндө буларга токтолду: “Беш жыл бою көрсөткөн сабырдуулугуңар, тынымсыз аракетиңер жана эмгегиңер бүгүн силерди ушул сыймыктуу деңгээлге алып келди. Эми кезек — топтогон билимиңерди жана тажрыйбаңарды өз элиңерге, мекениңерге жана бүтүндөй адамзатка кызмат кылуу менен эмгектенүү.”
Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саидикрам Ниязходжаев: “Быйыл бүтүрүп жаткан бардык студенттерди чын дилимден куттуктайм жана жашоо сапарыңарда туруктуу ийгиликтерди каалайм”, — деген жылуу тилектерин билдирди.
Сыймык жана кубаныч коштолгон учур
Жаңы бүтүрүүчүлөрдүн ант берүү аземи менен уланган азем “Түрк дүйнөсү” оркестринин аткаруусунда жаңырган “Майрам обону” менен өзгөчө мааниге ээ болду. Андан соң “Манас” университетинин гимни хордун коштоосунда аткарылды.
QS дүйнөлүк университеттер рейтингинде алдыңкы 1000дин катарына кирген “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү сапаттуу билими менен келечекке ишенимдүү карашты.
Окууда мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен бүтүрүүчүлөрүбүз
Салтанатта факультеттердин жана кесиптик жогорку мектептин мыктылары сыйланышты. Университет боюнча мыкты бүтүрүүчүлөр:
Университеттин эң мыкты бүтүрүүчүсү Альбина Сатыбалдиева салтка айланган бүтүрүүчүлөр тактасына ысым плейкасын кагып, окутуучуларына жана үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди. Анын апасы да ректор, профессор Алпаслан Жейлан баш болгон окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылыгын айтты.
“Менин эмгегим — өлкөм үчүн, элим үчүн!”
Бүтүрүү аземи студенттердин жапырт үн менен айткан: “Менин эмгегим — өлкөм үчүн, элим үчүн!” — деген сөздөрү жана асманга көкөлөгөн мантиялар менен жыйынтыкталды. Көктү жаркыраткан фейерверктер бул унутулгус мүнөттөрдү коштоп, көрктөндүрдү.
Расмий бөлүктөн кийин студенттик шаарчада уюштурулган концерттик программа менен майрамдоо уланып, белгилүү артисттер сахнага чыгып бүтүрүүчүлөргө унутулгус көз ирмемдерди тартуулашты.
Салтанаттуу иш-чара “Манас” жана TRT Avaz телеканалдары аркылуу түз ободо көрсөтүлдү.
Ала-Тоонун этектеринен илимдин күнү менен чыгып, бүткүл түрк дүйнөсүнө билимдин, маданияттын жана үмүттүн нурун чачкан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ардактуу бүтүрүүчүлөрүн чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Эмгек, аракет жана билим менен калыптанган бул сапарыңарда, жаңы бийиктикти көздөй багыт алып жатканда, ийгиликтериңердин туруктуу болушун жана жолуңардын ачык болушун каалайбыз. Жүрөгүңөрдө бүчүр алган кыялдар ар бир кадамыңарда жолдош болсун.