Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети тарабынан Стамбулду багындыруунун 572 жылдыгына карата маңыздуу иш-чара уюштурулду. 2025-жылдын 29-майында ректорлуктун жыйындар залында өткөрүлгөн иш-чарага ректор, профессор Алпаслан Жейлан, факультеттердин декандары, окутуучулар жана көптөгөн административдик кызматкерлер катышты. Чоң кызыгуу жараткан бул иш-чарада катышуучулар Стамбулду багындыруунун сыймыгын жана тарыхый аң-сезимди биргеликте бөлүшүштү.
Иш-чара теология факультетинин Кенже илим.кызм. Шохимардан Орунбеков тарабынан улуу кол башчы Фатих Султан Мехмет Хан жана Стамбулду багындырууга салым кошкон бардык баатырларга багыштап куран окуу менен башталды. Руханий атмосфера сезилген бул иш-чарада Стамбулдун багындыруу менен сыпатталган “багындыруу руху” дагы бир жолу жанданды.
Стамбулду багындыруу жөн гана жеңиш эмес, бул - цивилизациянын кайра жаралышы
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Стамбулду багындыруунун 572 жылдыгына арналган эскерүү программасында сүйлөгөн сөзүндө бул багындыруу жөн гана бир шаардын алынуусу эмес, адамзат тарыхындагы бурулуш учур болгон улуу цивилизациялык кадам экенин баса белгиледи.
Профессор Жейлан: “Фатих Султан Мехмет Хандын жетекчилиги алдында жүзөгө ашкан бул ыйык багындыруу - стратегиялык акылмандыктын, илимге болгон кызыгуунун, терең ишенимдин жана улуттук эрктин ачык чагылдырылышы болуп саналат. Ошондой эле бул жеңиш түрк-ислам цивилизациясынын универсалдуу билдирүүсүн чыгыш менен батыштын ортосундагы жаңы борбордон дүйнөгө жеткирүү чечкиндүүлүгүнүн символу болуп эсептелет”, — деди.
Сөзүнүн аягында профессор Жейлан буларга токтолду: “Түрк дүйнөсүнүн ар түрдүү аймактарындагы жаштарды орток тарыхый аң-сезимдин тегерегинде бириктирүү - Стамбулду багындырууда жаралган биримдик жана ынтымак рухун кайра жандандыруунун эң маанилүү жолдорунун бири болуп саналат. Ушул маанилүү күнгө карата башында Фатих Султан Мехмет Хан болгон бардык баатырларыбызды урмат жана терең ыраазычылык менен эскеребиз.”
Ачылыш сөзүнөн кийин иш-чара КТМУнун көркөм өнөр факультетинин “Түрк дүйнөсү” оркестринин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Рысбек Жумакуновдун жетекчилиги астында Стамбулдун багындырууга арналган керемет концерт тартууланды.
Концерттин ачылышы кубаттуу ритми жана таасирдүү обондору менен угармандарды Стамбулга жетелеген “Diriliş” аттуу чыгарма менен башталды. Андан кийин Плевне коргонуусунун мыкты баатырларынан болгон Гази Осмон Пашага арналган “Плевне маршы (Туна дарыясы)” аттуу чыгарма аткарылды. Солист Азат Садыковдун аткаруусунда жаңырган бул чыгарма залда эмоцияга толгон таасирдүү учурларды жаратты.
Концертте мекенге болгон сүйүү менен тиренүү рухун даңазалаган “Mert Dayanır, Namert Kaçar” аттуу чыгарма солист Фатих Эренлердин аткаруусунда угармандарга тартууланды. Андан кийин “Манас” телеканалынын директору Бүлент Намал Стамбулга болгон терең сүйүүсү менен жазган “Стамбул” аттуу ырын окутуучу Гөкхан Усалдын коштоосунда таасирдүү түрдө көркөм окуду.
Классикалык түрк музыкасынын өлбөс чыгармаларынын бири болгон Яхья Кемал Беятлынын ырлары жана Мүнир Нуреттин Селчуктун обону менен жаралган “Aziz İstanbul” аттуу чыгарма Гөкхан Усал менен Фатих Эренлердин аткаруусунда жаңырды.
Концерт улуттук жана руханий сезимдерди бекемдеген маанилүү чыгармалар менен уланды. “Ceddin Deden, Neslin Baban”, “Yelkenler Biçilecek” ve “Türkler Geliyor” сыяктуу чыгармалар менен түрк элинин баатырдык дастаны кайрадан сахнада жанданды.
Иш-чара“Hücum Marşı” менен аяктап, Фатих Султан Мехмет Хан жана анын аскерлери Стамбул дубалдарына жакындаганын жанданткан бул чыгарма көрүүчүлөргө багындыруунун кубанычын кайрадан сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Катышуучулар “Түрк дүйнөсү” оркестринин жана солисттердин жогорку деңгээлде аткарган чеберчилигине кол чабышып, концерттик программа Стамбулду багындырууга болгон сыймыкты жана тарыхый мурастарды жаңы муундарга өткөрүп берүүдө чоң салым кошту.