“Манас” университетинде ирандык окутуучулар тарабынан археология жана тарых боюнча баяндамалар жасалды


  • 2025-05-31

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмү 2025-жылдын 30-майында эки конок окутуучуну кабыл алып, археология жана тарых тармагына салым кошкон семинар уюштурду. Университеттин илимий иш-чаралар календарынын алкагында уюштурулган бул программага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, тарых бөлүмүнүн башчысы, профессор Жээнбек Алымбаев баштаган көптөгөн окутуучулар жана студенттер катышты. Ирандан келген конок окутуучулар; доцент Фариба Мосапоур Негари жана доцент Мехди Мортазави тарыхый жана археологиялык маалыматтардын негизинде аймактык маданият тарыхына байланыштуу баяндама жасашты.

Иш-чаранын биринчи баяндамасын жасаган доцент Мехди Мортазави “Робахак-Дезак Сараван археологиялык аймактык долбоору: Ирандын Белужистан аймагындагы Селчук түрк керамикасынын издери” аттуу ишинде Ирандын түштүк-чыгышындагы Белужистан аймагында жүргүзүлгөн казууларда табылган археологиялык табылгаларды талдады. Баяндамасында ал Селчук дооруна таандык керамикалык сыныктарды, кооздоо ыкмаларын жана маданий өз ара аракеттердин мисалдарын сүрөттөр аркылуу көрсөтүп, селчуктардын таасири бул аймакка чейин жеткенин белгилеп өттү.

Доцент Мортазави өз сөзүндө профессор Алпаслан Жейланга меймандостугу жана академиялык салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Профессор Жейландын тарыхый изилдөөлөргө кошкон салымы улуттук жана эл аралык деңгээлде маанилүү экенин баса белгиледи.

Экинчи баяндаманы жасаган доцент  Фариба Мосапоур Негари болсо “Маданияттардын аралашуусу: Коло доорунда Чыгыш Иран менен Борбор Азиянын өз ара таасирленүүсү” деген темада маалымат берип, коло доорунан баштап Чыгыш Иран менен Борбор Азиянын ортосунда түзүлгөн маданий мамилелерге токтолду. Археологиялык табылгалар жана тарыхый булактар аркылуу бул өз ара таасирлердин коомдук түзүлүшкө, көркөм өнөр түшүнүгүнө жана материалдык маданиятка тийгизген таасирине көңүл бурду.

Семинардын соңунда эки мейман окутуучуга ыраазычылык бакчалары тапшырылды. Иш-чара катышуучулардын жамааттык жалпы сүрөткө түшүүсү менен аяктады.

“Манас” университети бул сыяктуу академиялык программалар аркылуу илимий изилдөөлөрдү колдоону жана тармактар аралык кызматташууга салым кошууну улантууда. Бул иш-чара ар кыл аймактардан келген изилдөөчүлөрдүн жолугушуусу менен илимий тажрыйба алмашуу аянтчасын түздү.

    Социалдык медиада бөлүшүү