Эл аралык балдарды коргоо күнү КТМУда өзгөчө шаң менен белгиленди


  • 2025-06-03

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борбору 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата 2025-жылдын 2-июнунда маңыздуу иш-чара уюштурду. “Оба” чай бакчасындагы жолугушууда үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жайкы мектебинин окуучулары ар түрдүү кызыктуу иш-чараларга катышып, шаңдуу күн өткөрүштү.

Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы, доцент Эркан Эфилти жана жайкы мектепте окуган көп сандаган окуучулар катышты. Ректор, профессор Жейлан балдар менен жагымдуу атмосферадагы жолугушууда баарлашып, алардын кубанычын тең бөлүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга түрдүү белектерди тапшырган профессор Жейлан наристелердин жүзүндөгү кубаныч – бул алар үчүн эң чоң сыйлык экенин белгиледи. Сөзүндө балдардын коомдун келечеги үчүн канчалык маанилүү экенин баса белгилеген профессор Жейлан мындай деди: “Келечегибиздин түптөөчүлөрү болгон балдарыбыздын ар дайым жанындабыз. Биз аларга берген ар бир баалуулук — чындыгында эртеңки күнгө жасалган инвестиция. Билим берүүнүн негизги максаты — бул жөн гана академиялык жетишкендикти камсыз кылуу эмес, ошол эле учурда бактылуу, өзүнө ишенген, адеп-ахлактык баалуулуктарга ээ болгон инсандарды тарбиялоо. Бүгүнкү балдар — эртеңкинин илимпоздору, мугалимдери, артисттери жана лидерлери болот. Ошондуктан алардын жан дүйнөсүн оюн аркылуу курган байланыштарын, кыял дүйнөсүн өстүрүү жана колдоо — биздин, окутуучулардын эң чоң жоопкерчилиги. Бул жерде алар менен өткөргөн ар бир көз ирмем келечекке болгон үмүтүбүздү бекемдейт.

Түркүн-түстүү көрүнүштөргө бай болгон бул иш-чарада балдар ар кандай оюндардын коштоосунда жаратылыш менен айкалышкан жагымдуу атмосферада көңүлдүү убакыт өткөрүштү. Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Manas TV'nin Haberi:

https://www.youtube.com/watch?v=0sX8TYzMtOM

    Социалдык медиада бөлүшүү