Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмү тарабынан “Коркут Ата” спектакли театр сүйүүчүлөрүнүн назарына тартууланды.
Спектаклди көрүүгө КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Режаи Доган, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Күршад Гүлбейаз, аталган пьесанын автору, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиев, окутуучулар жана студенттер келишти.
Бул спектакль театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу Гүлмира Тыналиева жана ага окутуучу Адылбек Болорбек уулунун жетекчилиги астында даярдалып, 4-курстун студенттери жогорку чеберчилик менен коюшту.
Адам кандай даражада болбосун, акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык бул чыгарманын ар бир эпизоду көрүүчүлөрдү терең ойго салып, өмүр менен өлүм, маданият менен руханий мурас, адамдык парз жана жаратылыш менен болгон байланыш сыяктуу темаларды козгоду.
“Коркут Ата” спектакли студенттердин чыгармачылык потенциалын жана профессионалдык өсүшүн айгинелеп, көрүүчүлөргө терең эстетикалык ырахат тартуулады. Студенттер өздөрүнүн актердук чеберчилиги, сахна тилин мыкты өздөштүргөндүгү жана образ жаратуудагы чыгармачыл мамилеси аркылуу көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкыштарга арзышты.
“Биздин негизги приоритет – түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын сактап калуу”
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан искусство билимине көрсөткөн колдоосу үчүн Темирбек Жургенов атындагы Казак улуттук искусство академиясынын ректору, профессор Арман Жүдөбаев тарабынан алтын медаль менен сыйланды. Сөзүн ыраазычылык билдирүү менен баштаган ректор Жейлан бул баалуу сыйлык окуу жайдын түрк дүйнөсүндөгү позициясын дагы да бекемдегенин айтты.
Коркут Ата образы түрк дүйнөсүндөгү орток маданий мурасты чагылдырганын белгилеген профессор Алпаслан Жейлан сөзүн мындай деп улантты: “Коркут Ата түрк дүйнөсүнүн ар бир аймагында жашаган орток баалуулук. Казакстанда Коркут Атага таандык абдан кооз музей, Түркиянын Байбурт шаарында Коркут Ата фестивалдары уюштурулуп келет. Булардын баары биздин маданиятыбыздын түпкү негизи.”
Түрк дүйнөсүнө таандык баалуулуктарды сахнага алып чыгуунун маанилүүлүгүнө да көңүл бурган профессор Жейлан: “Бул баалуулуктарды сактап калуу үчүн жазуу, ойноо жана жаратуу керек. Ага ылайык, чыгарманын авторуна, чыгармачыл топко жана окутуучуларга терең ыраазычылык билдирем. Биз өзүбүздүн баалуулуктарыбызды кыргыз, түрк, кыргыз, казак тилдеринде сахналаштырышыбыз керек”, - деп, маданий мурасты коргоо жалпыбыздын негизи милдети болушу керектигин белгиледи.
“Искусство – инсан рухунун универсалдуу чагылышы”
Спектаклдин соңунда сөз сүйлөгөн проректор, профессор Режаи Доган искусствонун универсалдуу күчүнө көңүл буруп, мындай деди: “Искусство – адам рухунун универсалдуу чагылышы, ал эми театр – бул универсалдуу тилдин эң күчтүү теңдеши. Биздин студенттер Аллахтан аларга ыроолонгон талант, эмгек жана маңдай тер менен айкалыштырып, чоң ийгиликтерге жетишти.”
Театрда драматургиянын чечүүчү ролуна да токтолгон Доган: “Пьеса жазуу абдан маанилүү, жазуучу тил менен ойду сахнага алып чыккан инсан. Жазуу менен актерлук чеберчилик бириккенде мындан да сонун чыгарма жаралат. “Манас” университети илим менен технологияда гана эмес, искусство жана маданиятты өнүктүрүүнү көздөгөн концепцияга ээ университет”, – деп, жаштардын бул сыйлыкты жеӊип алганы окуу жайдын миссиясынын конкреттүү көрсөткүчү экенин баса белгиледи.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин сахнасында коюлган бул спектакль театр өнөрүнө болгон жаш муундардын берилгендигин жана улуттук баалуулуктарды жаңыча чечмелеп жеткирүүдөгү аракеттерин көрсөттү.
Эскерте кетсек, бул спектакль менен студенттерибиз 2025-жылдын 20-22-май күндөрү Казакстандын Алматы шаарында III Эл аралык “Түрк дүйнөсү” студенттик театр фестивалына катышып, калыстардын атайын сыйлыгына ээ болушкан.
Manas TV Haberleri: