КУРМАН АЙТ МААРЕК БОЛСУН!


  • 2025-06-06

“Курбандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллахка жетпейт. Бирок силердин такыбалыгыңар гана (Аллахка) жетет…” (Хаж сүрөөсү, 37-аят)

 

Урматтуу “Манас” үй-бүлөсү,

Бөлүшүүнүн, тилектештиктин, бир туугандык менен мээримдүүлүктүн эң сонун үлгүлөрү жүзөгө ашкан ыйык Курман айт майрамын тынчтыкта жана кубанычта тосуп жатабыз. Бул маанилүү күндөр жөн гана ибадат кылуу маалы эмес, жүрөктөрдү жакындаткан, бизди адамдык улук сапаттар менен кайрадан жолуктурган өзгөчө учурлар.

Курмандык чалуу – Аллага жакындашууга болгон аракетибиздин, берилүүнүн жана моюн сунуунун бир көрүнүшү. Айт майрамында муктаж болгондорду колдоону, коңшуларыбызды зыярат кылууну, жетим-жесирлердин жана жалгыз калган адамдардын көңүлүн алууну унутпайлы. Жүрөктөр жумшарып, таарынычтар жоюлган бул берекелүү күндөр коомдук тилектештиктин, сүйүүнүн жана урматтоонун кайрадан жанданышына шарт түзөт.

Быйыл Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түптөлүшүнүн 30 жылдык мааракесин кубаныч менен белгилеп жатабыз. Отуз жылдык бул баалуу тажрыйба – “Манас” үй-бүлөсү катары бизге илим, маданият жана бир туугандык негизинде жаңы максаттарга бирге умтулуу шыктандыруусун тартуулап келет. Айттын биримдикке үндөгөн руху – бул багытта да салым кошууда.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алгач “Манас” университетинин ардактуу кызматкерлерин, ошондой эле бүтүндөй Кыргызстанды, Түркияны жана түрк-ислам дүйнөсүнүн Курман айт майрамын чын дилимден куттуктайм. Ден соолук, тынчтык, береке жана ырыскыга толгон айт майрамын каалайм.

 

Профессор  Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору

    Социалдык медиада бөлүшүү