Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан жүргүзүлгөн 2024-2025 социалдык жоопкерчилик иш-чараларын таанытуу жана анын алкагында уюштурулган жайкы балдар лагеринин жыйынтыктоочу аземи Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында шаңдуу программа менен коштолду.
Иш-чарага проректор, профессор Камалбек Карымшаков, үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, доцент Эркан Эфилти баштаган академиялык жана административдик кызматкерлер менен ата-энелер катышты. Программанын биринчи бөлүмүндө аталган борбор тарабынан ишке ашырылган социалдык жоопкерчилик долбоорлору тууралуу маалымат берилди. Өмүр бою билим алууга үндөгөн, социалдык өнүгүүгө жана катышууга артыкчылык берген мындай иш-чаралар “Манас” университетинин коом менен болгон байланышын чыңдоо концепциясынын бир бөлүгү катары көрсөтүлдү.
Таанытуудан соң программа башталгыч класстар үчүн уюштурулган жайкы мектептин жыйынтыктоочу аземи менен уланды. 6-10 жаш арасындагы балдарга арналган лагерде бөбөктөр сүрөт, спорт, вокал, бий жана кол өнөрчүлүк сыяктуу ар кандай курстарга, мастер-класстарга катышышты. Балдар бир гана кызыктуу убакыт өткөрбөстөн, кызыкчылыктарын таанып-билүүгө жана социалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Аземде окуучулар тартуулаган чакан концерттик программа ата-энелер жана коноктор тарабынан жылуу кабыл алынып, сыймыктануу менен кол чаап коштоп отурушту.
Иш-чаранын соңунда балдарга сертификаттар тапшырылды. “Манас” университети жогорку билим берүү тармагында гана эмес, жеткинчектердин билим алуусуна маани берүү менен дагы өзүнүн социалдык жоопкерчилигин аткарууну бул мазмундуу программа аркылуу улантып жатканын дагы бир жолу көрсөттү.