Үстүбүздөгү жылдын 10-июнь күнү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтканынын 17 жылдыгына карата Улуттук илимдер академиясында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси, Кыргыз илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту жана Анкарадагы Чыңгыз Айтматов атындагы институттун уюштуруусу менен “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык форум болуп өттү.
Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы илимий жана маданий кызматташтыкты тереңдетүү максатында уюштурулган форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, стратегиялык пландоо жана реформаларга талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмдун башкы катчысы Султан Раев, Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, Түркиянын Анкара шаарындагы Ч.Айтматов институтунун аткаруучу директору, профессор Ильяс Топсакал, Өзбекстандагы БУУнун өкүлү Акмаль Саидов, Казакстан Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Мереке Кулкенов, УИАнын Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, ошондой эле, Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор жана маданият өкүлдөрү катышты.
Айтматовдун адабий мурасы, түрк дүйнөсүнө тийгизген терең таасири жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга кошкон салымы талкууланган иш-чаранын алкагында жакында Анкарада ачылган Чыңгыз Айтматов институтунун ачылыш аземи да өттү.
Форумда жасалган баяндамаларда Чыңгыз Айтматовдун адабият аркылуу тынчтык, адам укуктары, социалдык адилеттүүлүк жана маданий иденттүүлүк сыяктуу адамзаттык баалуулуктарга алып келген оригиналдуу жана терең мамилеси бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүн шыктандырууну улантып жатканы айтылды.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу жана маданий байлыгынын булагы экени дагы бир жолу баса белгиленди.